Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Керч кысыгы: Орусия дрон чабуулунда танкери жабыркаганын ырастады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Керч кысыгында дрон чабуулунан SIG танкери жабыркаганын ырастады жана буга байланыштуу Киевди күнөөлөдү.

Мунун алдында бир катар украиналык жана орусиялык Телеграм-каналдары 5-августка караган түнү танкерге абадан жана суу алдынан чабуул болгонун жазышкан.

Росморречфлот федералдык агентиги танкердин машина бөлүгү тешилгенин, бирок май акпаганын жана экипаж коопсуз жайда экенин билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, чабуул болгон маалда бортто 11 адам болгон жана алар эвакуацияга муктаж эмес. Айрымдары жеңил жараат алган.

ТАСС агенттиги жабыркаган танкерге эки буксир жөнөтүлгөнүн, экипаж тешилген жерди өз алдынча текшергени жатканын жазды.

SIG танкери аннексияланган Крымга жана Сирияга химиялык заттарды жана кара май ташыганы үчүн 2019-жылы АКШнын санкциясына илинген.

Ишембиге караган түндөгү дрон чабуулдарынан айынан Крым көпүрөсүндө жарык өчүрүлүп, каттам үч саатка токтотулду. Жарым аралдын айрым аймактарынын жашоочулары катуу жарылуу болгонун айтып чыгышты. Бирок бийлик өкүлдөрү ал жарылуунун Крым көпүрөсүнө тиешеси жоктугун билдиришти.

Мунун алдында, 4-августта Орусиянын Коргоо министрлиги Новороссийск портуна экипажсыз эки катер чабуул жасаганын билдироген.

Мекеме кол салуу артында Украина турганын айтып, дрондор жок кылынганын кошумчалаган.

"Украинская правда" басылмасы коопсуздук кызматтарына шилтеме жасап, чабуулда порттогу "Оленегорский горняк" десанттык кемесине сокку урулганын жазган. Редакция соккунун видеосун дагы жарыялаган.

Коргоо министрлиги Новороссийскиден тышкары учкучсуз аппараттардын чабуулуна аннексияланган Крымдагы объектилер да кабылганын билдирген. Дрондордун баары зыян келтире электе абадан жок кылынганы айтылган.

Буга байланыштуу Киев комментарий берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG