Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Пакистанда мурдагы премьер-министр Имран Хан үч жылга соттолду


Имран Хан.
Имран Хан.

Пакистанда мурдагы премьер-министр, белгилүү крикет оюнчусу Имран Хан коррупция беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында үч жылга соттолду.

Саясатчыга мамлекеттик кызматта турганда чет өлкөлүк лидерлерден алган кымбат белектерди саткан деген айып коюлган. Хандын адвокаты Интезар Панжотчу Reuters агенттигине мурдагы өкмөт башчыны резиденциясынан полиция кармап кеткенин, сотко апелляциялык арыз берилерин билдирди.

Айыптоо өкүмүнөн улам Хан күзүндө жалпы улуттук шайлоого катыша албай калышы мүмкүн.

Имран Хан ушул жылдын май айында кармалган. Анын тарапташтары саясатчынын бошотулушун талап кылып нааразылык акциясына чыккан жана ал тоз-тополоң менен коштолгон. Кагылышта 10дой адам набыт болгон. Нааразылык сот Имран Ханды күрөөгө бошоткондон кийин токтогон.

Хан былтыр апрелде бир нече жумалык саясий кризистен кийин кызматтан четтетилген жана парламент ага ишеним көрсөтпөөнү колдогон. Ошондон бери экс-премьерге баш-аягы элүүдөн ашуун кылмыш иши козголгон. Хан алардын бардыгын четке кагып, саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Шайлоо комиссиясы ага беш жыл мамлекеттик кызмат ээлөөгө тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG