Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Ташиев күйүүчү майдын баасын 63-64 сомдон ашырбоону тапшырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 5-августта Салык жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматтарынын, атамекендик нефтетрейдерлердин өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Атайын кызматтын басма сөз кызматы анда күйүүчү-майлоочу май жогорулатылган баа менен сатылып жатканы айтылганын билдирди.

"Жолугушуунун жүрүшүндө Ташиев бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу май жогорулатылган баада сатылып жатканын белгиледи. Буга байланыштуу нефтетрейдерлерге социалдык багыттагы баа саясатын карманууну сунуштап, бааларды төмөндөтүү зарылдыгын, мындан ары майдын бир литринин баасын 63-64 сомдон ашырбоо зарылдыгын белгиледи. Өз кезегинде нефтетрейдерлер дизел майынын баасын төмөндөтүүгө байланыштуу тиешелүү чараларды көрүүнү макулдашты",-деп жазылган маалыматта.

Апта башында Улуттук статистика комитети Кыргызстанда күйүүчү майдын дээрлик бардык түрү бир ай мурдагы баага салыштырмалуу кымбаттаганын билдирген.

Мекеменин күнүмдүк мониторингинде келтирилгендей, дизел отунунун баасы июндун аягында орточо 70,68 сомдон болуп турса, июль айынын аягында 70,42 сомго чыккан. Ушу тапта майдын наркы айрым жерлерде 72 сомго чейин жеткен.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы июнь айында билдирүү таратып, өлкөдө бензиндин бир литри 2,5-3 сомго чейин кымбаттай турганын маалымдаган. Ишкерлердин уюму мунун себебин дүйнөлүк рынокто мунай баасы кымбаттап баратканы менен түшүндүргөн. Соңку бир айда эл аралык биржаларда мунайдын Brent үлгүсү 75-77 доллардан 80-85 долларга чейин көтөрүлгөн.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы Украинадагы согушка байланыштуу Батыштын Москвага салган санкцияларынан кийин Орусияда мунай казуу төмөндөгөнүн, бул мунайзаттардын кыскарышын шарттап, заводдордо анын баасынын көтөрүлүшүнө алып келгенин билдирген. Кыргызстандагы соңку мезгилдеги кымбаттоолордун себеби ушул жагдай менен да байланыштырылып жатат.

Кыргызстандын күйүүчү майга болгон жылдык керектөөсү 1 миллион 300 миң тоннадан ашуун.

Анын 90% ашууну негизинен Орусиядан ташылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG