Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

Болот Абдрахманов "Ата-Бейит" комплексине жетекчи болду


Болот Абдрахманов.
Болот Абдрахманов.

Тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын запастагы полковниги Болот Абдырахманов “Ата-Бейит” улуттук-тарыхый мемориалдык комплексинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы 7-августта билдирди.

Болот Абдрахманов 1987-жылдан баштап Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы, кийин атайын кызматтын Ысык-Көл жана Чүй облустук башкармалыктарынын башчысы болуп иштеген. 2010-2011-жылдары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болгон. 2019-жылдан бүгүнкү күнгө чейин "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде илимий кызматкер болуп иштеген.

"Ата-Бейит" - КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү. 1938-жылы "эл душманы" деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү 1991-жылы Чүйдүн Чоң-Таш айылынын чет жакасынан табылып, кепиндеп көмүлгөн. Болот Абдрахманов сөөктөрдү казып алуу иштеринин башында турган.

Абдрахманов 2020-жылы “Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары” деген он томдук китеп чыгарган.

Китепке Кыргызстанда 1920-1953-жылдарда саясий куугунтукка кабылган 20 миң адамдын тизмеси киргизилген. Репрессияга учурагандардын арасында 50гө жакын ар кайсы улуттардын өкүлдөрү, жүздөгөн жумушчулар, дыйкандар, чыгармачыл, педагогикалык, техникалык интеллигенция өкүлдөрү, партиялык, комсомолдук кызматкерлер болгон. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG