Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Аба ырайы: айрым жерлерде өткүн өтөт


Сары-Челек көлү.
Сары-Челек көлү.

8-августка караган түнү Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29 градус ысыйт.

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 30…32 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 27…29 градус ысык болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG