Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:03

Ленин округундагы кайра шайлоо: БШК Эртай Искаковдун арызын каттады


Эртай Искаков өткөн айда Бишкектеги таза сууга байланыштуу акцияда кармалып, сентябрга чейин камакка алынган.
Эртай Искаков өткөн айда Бишкектеги таза сууга байланыштуу акцияда кармалып, сентябрга чейин камакка алынган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берген адамдарды каттоону улантып жатат. 7-августка карата беш адамды каттады, алардын арасында Эртай Искаков дагы бар.

Эртай Искаков аталган округдан буга чейинки шайлоого да катышкан. Ал июлдун башында Бишкектеги таза сууга байланыштуу акцияда кармалып, сентябрга чейин камакка алынган. Шайлоо өнөктүгү маалында анын бөгөт чарасы өзгөрүп-өзгөрбөсү азырынча белгисиз.

БШКнын маалыматына ылайык, кайра шайлоого катышууга 7-августка карата 20 адам арыз берди. Арыздарды кабыл алуу 10-августта, ал эми талапкерлерди каттоо 20-августта аяктайт.

БШКнын жумушчу тобу 2-августта ушул округдан депутат болгон, мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган Жаныбек Абировдун кайра шайлоого катышуу арызын четке каккан.

Анда Абиров мандатын тапшырганы үчүн шайлоо өнөктүгү башталганын, ал башкалар шайлануусу үчүн орун бошотуп бергени үчүн кайра шайлоого катышпашы керектиги айтылган.

Абиров быйыл март айында өзү катышкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

БШК Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Бул кайра шайлоо болуп жаткандыктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскарганын айткан.

Боршайком 28-майдагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алган” деген доомат айтылган.

Эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG