Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:53

БУУнун эксперттери Бакуну Лачын коридорун ачууга чакырышты


Лачын коридорундагы Азербайжан койгон өткөрмө бекеттен ары Тоолуу Карабакка өтө албай токтоп турган Армениянын жүк ташуучу унаалары. 30-июль, 2023-жыл.
Лачын коридорундагы Азербайжан койгон өткөрмө бекеттен ары Тоолуу Карабакка өтө албай токтоп турган Армениянын жүк ташуучу унаалары. 30-июль, 2023-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) көз карандысыз эксперттер тобу Лачын коридорунун жабык турганы боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Аталган коридор - Тоолуу Карабак жикчил аймагын Армения менен байланыштырган жалгыз өтмөк. Баку аны жети ай мурда жаап салган.

7-августта тараткан эксперттердин билдирүүсүндө Лачын коридору жабык тургандыктын, жикчил аймакта гуманитардык кризис жаралып, эң керектүү азык-түлүктөр, анын ичинде өсүмдүк майы, балык, тоок, сүт азыктары, шекер жана балдардын тамагы жетишпей жатканы белгиленген.

Көз карандысыз эксперттер Азербайжан бийлигин Лачын коридорун ачып, эки тараптуу эркин жана коопсуз кыймылды камсыздоого чакырышты.

Тоолуу Карабакка багыт алган 19 жүк ташуучу машинеден турган автокербен 26-июлдан бери Лачын коридорундагы өткөрмө бекетте турат. Аларды азери аскерлери жикчил аймакка өткөрүүдөн баш тартууда. Еревандын айтымында, машинелерге гуманитардык жардам жүктөлгөн.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги автокербенди "чагым жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү аракети" деп айыптады. Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жардамчысы Ереван алардын өлкөсүнө болгон "аймактык дооматтан баш тартышы зарыл" экенин билдирген.

Лачын коридору - Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырган алты чакырымдык өткөөл. 1992-жылдан 2020-жылга чейин Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги көзөмөлдөп келген. 2020-жылдын ноябрь айында бул жерге Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү жайгашкан.

Эл аралык мыйзамдар боюнча Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей жергиликтүү армяндар отурукташкан.

XS
SM
MD
LG