Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

Нукус окуялары: кыйноого айыпталган үч полиция кызматкери соттолду


Каракалпакстандагы окуялар учурунда тартылган сүрөт. 1-июль, 2022-жыл, Нукус шаары.
Каракалпакстандагы окуялар учурунда тартылган сүрөт. 1-июль, 2022-жыл, Нукус шаары.

Өзбекстанда былтыр июль айындагы Карапалкстандагы Нукус окуяларында кармалгандарга зордук-зомбулук көрсөткөн деп айыпталган үч полиция кызматкери соттолду. Каган райондук соту алардын экөөнү жети жылга эркинен ажыратып, дагы бир кызматкерди үч жылга кести.

Башкы прокуратура өткөн жылдын аягында Нукустагы нааразылылык акциясына чыккандарга күч колдонулган фактылар иликтенип жатканын билдирген. Анда кылмыш иштеринде жалпысынан 171 адам айыпталуучу деп табылганы кабарланган.

Өткөн айда австриялык "Евразияга эркиндик" укук коргоо уюму Нукустагы тополоңдо каза болгондордун расмий жана активисттер түзгөн бейрасмий тизмесин жарыялаган. Ага ылайык, өзбек өкмөтү билдиргендей 21 эмес, бери дегенде 55 киши мерт кеткени жазылган.

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр жазында көтөрүлүп, 1-2-июлда Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. Жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Баш мыйзамдан алып салууга каршы Нукус шаарында өткөн ири митингдер күч менен басылган. Бул кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калган. 500дөн ашуун киши кармалып, сурак-соболдон кийин көбү бошотулган.

Буга чейин АКШ, Евробиримдик, БУУ жана башка эл аралык укук коргоо уюмдары өзбек бийлигин Каракалпакстандагы окуяларды ачык, ар тараптуу жана айкын иликтөөгө, тынч демонстранттарга ашыкча күч колдонулган деген дооматтарды териштирүүгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG