Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:07

Москва: кыргызстандык келин баласын урган деген шек менен камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарында баласын урган деп шек саналган келин камакка алынганын билдирди.

Ага ылайык, окуя Хорошево-Мневники районунда болгон жана 2014-жылы туулган М.А. аттуу бала шаардагы социалдык реабилитацияга муктаж балдар үйүнө жайгаштырылды.

"Баланын апасына карата Москванын укук коргоо органдары административдик укук бузуу фактысына байланыштуу камакка алуу протоколун түздү. Элчилик Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен бирге баланы мындан аркы жашоосу, анын жакын туугандары менен байланышуу жаатында иш алып барып жатат. Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө", - деп жазылган маалыматта.

Элчилик камалган келин тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Мунун алдында социалдык тармактарда 8 жашар баласын күнүгө шнур менен урган, ичип жүргөн кыргызстандык келин тууралуу маалыматтар чыккан.

Орусияда кыргызстандык жарандар өзүнүн же туугандарынын балдарын урган, мындан улам кылмыш иши козголуп, соттолгон учурлар буга чейин дагы болгон.

Бул өлкөдө иштеп, жашап жүргөн кыргыз жарандарынын расмий саны бир миллиондон ашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG