Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Түптөгү үч айылда 90дон ашык үйдү сел каптады


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Түп районундагы 7-августтагы селдин кесепети тууралуу баштапкы маалыматтарды берди.

Ага ылайык, Талды-Сууда 28, Корумдуда 40тан ашык, ал эми Көөчү айылында 24 үйдү, жалпысынан 92ден ашык тамды суу каптады. Селдин айынан чарбалык жолдор, айдоо аянттары зыянга учурады.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына караштуу райондордогу, шаарлардагы бөлүмдөрүнөн жалпысынан 100дөн ашуун куткаруучу беш топко бөлүнүп алып иштеп жатат. Кырсык болгон аймакка кошумча техника тартылды. Учурда бул айылдарда үймө-үй кыдырып, селдин кесепетин тактоо уланып жатат", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында аталган министрлик аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 7-8-август күндөрү нөшөрдөн улам тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү ыктымал экенин эскерткен эле. Айрым жерлерде катуу шамал болушу ыктымалдыгын кабарлаган.

Түп районундагы 2-августтагы нөшөрдөн кийин Кең-Суу жана Байзак айылдарында сел жүргөн. Эки кыштакта 50дөй үйдү суу каптаган. Андан сырткары чарбалык жолдор бузулган.

Нарын районунун Куланак айылында 22-июлда айылында нөшөрдөн кийин сел жүрүп, 16 үйдүн короосун суу каптаган.

XS
SM
MD
LG