Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

АКШнын жогорку даражадагы дипломаты Нигердеги козголоңчулар менен жолукту


Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Виктория Нуланд. 29-март, 2022-жыл. Вашингтон. Иллюстрациялык сүрөт.
Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Виктория Нуланд. 29-март, 2022-жыл. Вашингтон. Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Виктория Нуланд Нигерде куралдуу козголоңдун башында турган аскердик жетекчилерге жолукту.

Ал 7-августта баш калаа Ниамеяда өткөн сүйлөшүү эки саатка созулганын айтты.

"Бул ачык-айрым, абдан оор сүйлөшүү болду", - деди Нуланд.

Бул АКШ менен козголоңчулардын лидерлеринин ортосунда Нигерде конституциялык тартипти орнотууга багытталган алгачкы сүйлөшүү болду. Бирок Нуланддын айтымында, эч кандай майнап чыккан жок.

АКШ - Нигердеги аскердик төңкөрүштү айыптаган алгачкы мамлекеттерди бири. Ак үй билдиргендей, учурда Африкадагы бул өлкөдө миңдей америкалык аскер бар. Аларды чыгарып кетүү планы азырынча жок.

Нуланд козголоңчулар "дипломатия үчүн эшикти ачык калтырарына үмүттөнөрүн" кошумчалады.

Вашингтон Нигерге багытталган миллион долларлык жардамды жөнөтүүнү кризис чечилгенге чейин убактылуу токтотту.

Батыш Африка мамлекеттеринин экономикалык бирикмесине (ECOWAS) мүчө мамлекеттердин лидерлери 10-августта чогулуп, Нигердеги кырдаалды талкуулашат.

Буга чейин ECOWAS Нигердеги козголоңчулардын лидерлерине бийликтен кетип, шайланган президентти ордунда калтырууну талап кылган. Буга жооп катары козголоңчулар Нигердин аба мейкиндигин жаап салган.

27-июлда африкалык өлкөдөгү козголоңчулар мамлекет башчы Мохамед Базум кызматынан четтетилгенин, коменданттык саат киргизилгенин, чек аралар жабылганын жарыялаган.

Нигердеги мамлекеттик төңкөрүштүн башында турган генерал Омар Тчиани 28-июлда өзүн өткөөл мезгилдин президенти деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG