Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

IRC Ооганстанга гумжардамдын кыскарышына тынчсызданууда


Ооганстандын Кандагар провинциясындагы базарлардын биринде. 23-июль, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстандын Кандагар провинциясындагы базарлардын биринде. 23-июль, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Алдыңкы эл аралык гуманитардык уюм калкынын төрттөн үч бөлүгү жардамга муктаж Ооганстанда кайрымдуулук операцияларды каржылоо кыскарып жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Эл аралык куткаруу комитети (IRC) 7-августта тараткан билдирүүсүндө дээрлик 30 миллиондой ооганстандык "мурдагыдай эле жардамга өтө муктаж" экенин белгилеген.

"Дээрлик бүтүндөй калк эптеп күн көрүп жатат", - деген IRC уюмунун Ооганстандагы бөлүмүнүн башчысы Сальма Бен Аисса талибдер бийликке келгени Ооганстандын экономикасы ансыз да эл аралык системалардан ажырап калганын кошумчалады.

Уюмдун эсебинде быйыл сунушталган долбоорлордун 23% гана каржыланган.

Талибдер 2021-жылдын август айында бийликке келгени Батыш мамлекеттери Ооганстанга багытталган жардамдын баарын токтотуп койгон. Андан тышкары, талибдер адам укуктарын сактабай жатканына байланыштуу Кабулга эл аралык санкциялар салынган.

IRC уюму эл аралык донорлорду "узак мөөнөттүү жардам берүү боюнча" милдеттенме алууга чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG