Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

Польша Беларус жактагы чек арасына кошумча аскерлерди жиберет


Польша менен Беларустун чек арасы.
Польша менен Беларустун чек арасы.

Польшанын Коргоо министрлиги Беларус жактагы чек арасына кошумча аскердик күчтөрдү жиберүүнү чечти. Мындай кадамга министрлик Чек ара кызматынын суранычы менен барганын мамлекеттик PAP агенттиги 8-августта кабарлады.

Мекеме чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракеттери күч алгандыктан министрликтен чек арага кошумча миңдей аскер жөнөтүүнү өтүнгөн.

29-июлда Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Беларуста жүргөн “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын жүздөй жалданмачысы Польша менен Литванын чек араларына жакын жерге жеткирилгенин жарыялаган. Беларустун башында турган Александр Лукашенко муну төгүндөгөн.

Моравецкий "Вагнердин" жоочулары мигранттарга чек арадан өтүүгө көмөктөшүү менен бирге эле өздөрүн да алардын бири катары көрсөтүп, өлкөгө кирүүгө аракеттенет деп кооптонууда. Ал ошондой эле "вагнерчилер" беларус чек арачыларынын кийимин кийип алышы да ыктымал экенин айтууда.

“Вагнерчилер” Орусияда козголоң чыгаргандан кийин Беларуска чыгып кеткен эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG