Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

Грузияда жер көчкүдөн набыт болгондор 19га жетти


Шови курорттук аймагында жер көчкүнүн алдында калгандарды издеп жүргөн куткаруучулар. 5-август, 2023-жыл. Грузия.
Шови курорттук аймагында жер көчкүнүн алдында калгандарды издеп жүргөн куткаруучулар. 5-август, 2023-жыл. Грузия.

Грузин бийлиги 8-августта билдиргендей, куткаруучулар жер көчкүнүн алдынан дагы бир аялдын сөөгүн таап чыгышты. Өткөн жумада курорттук Шови шаарында болгон табигый кырсыктан өмүрү кыйылгандардын саны 19га жетти, дагы 16 адам дайынсыз болууда.

Окуяга байланыштуу Түштүк Кавказда жайгашкан мамлекетте 7-августта аза күтүү күнү жарыяланды. Ал эми 8-августта өлкөдө 15 жыл мурда орус-грузин согушунан курман болгондордун элесине арналып баардык желектер түшүрүлдү.

2008-жылы 8-августта Орусия менен Грузиянын ортосунда куралдуу жаңжал тутанган. Тбилиси Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалга чабуул коюуга жикчилдердин кол салуулары түрткөнүн айтып келсе, Москва өз жарандарын, жикчил аймактагы бейпилдик күчтөрүн коргогонун билдирген.

Беш күндүк согуштан кийин Орусия Грузиянын курамындагы жикчил Түштүк Осетия менен Абхазияны көз карандысыз өлкөлөр катары тааныган.

Уруш ондогон адамдардын өмүрүн кыйган, миңдеген грузин там-ташынан ажыраган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG