Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна түшкөн таштар тазаланды


Түндүк-түштүк кошумча жолу. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Түндүк-түштүк кошумча жолу. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Түндүк-түштүк кошумча жолунун Арал-Казарман тилкесиндеги (243-291-чакырымында) тоо боорунан түшкөн таштар тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Өткөн айда аталган министрлик бул жолдун Жумгал районундагы Дыйкан жана Кызыл-Жылдыз айылдарындагы 159-183-чакырымы курулуп бүткөнүн кабарлап, эми 15-ноябрга чейин тилкеде кемчиликтер аныкталса, аны жалданма компания оңдоорун билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңеште аталган жолду куруудагы коррупцияга байланыштуу сын-доомат айтылып, иликтөө үчүн депутаттык топ түзүү сунушу көтөрүлгөн эле.

Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык бул жол өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң дымактуу долбоор катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт.

Бул жолду куруу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону - грант). Бул каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөн деп айтылган болчу.

Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.

Мындан туура бир жыл мурда жолдун Жумгалдагы Арал айылынан Тогуз-Тородогу Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы колдонууга берилген. Кан жол Көкөмерен жана Нарын дарыясын жээктеп салынган. 100 чакырым жолдун 87 чакырымы мурда жол түшө элек жерден өткөн. Быйыл жыл башында Көк-Арт ашуусунда кошумча кичи тоннел ачылган.

Буга чейин жаз айларында бул жолдо таш кулап, сел жүргөн окуялар катталган жана парламентте жолдон жүрүүгө өтө кооптуу абал жаралганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG