Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:35

Таластагы Беш-Таш жаратылыш паркын үч жерден сел каптады


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан видеодон алынган сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан видеодон алынган сүрөт.

Талас облусунда 7-августта күндүзгү саат 4төрдө нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Беш-Таш жаратылыш паркын сел каптады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги агын суу корукка үч жеринен киргенин билдирди. Ошондой эле Талас - Тарас жолунун 81-чакырымында, Кара-Суу айылындагы бөлүгүндө сел жүрүү коркунучу жаралып, анын алды алынды.

Учурда "Беш-Ташта" топон суунун кесепетин жоюу жүрүп жатат.


Дүйшөмбүдөгү нөшөрдө Ысык-Көлдүн Түп районундагы үч айылда сел жүргөн. Аталган министрлик Талды-Сууда 28, Корумдуда 40тан ашык, ал эми Көөчү айылында 24 үйдү, жалпысынан 92ден ашык тамды суу каптаганын маалымдаган. Селдин айынан чарбалык жолдор, айдоо аянттары зыянга учурады.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына караштуу райондордогу, шаарлардагы бөлүмдөрүнөн жалпысынан 100дөн ашуун куткаруучу беш топко бөлүнүп алып иштеп жатат. Кырсык болгон аймакка кошумча техника тартылды. Учурда бул айылдарда үймө-үй кыдырып, селдин кесепетин тактоо уланып жатат", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында аба ырайына байланыштуу чукул кабар тберилип, 7-8-август күндөрү нөшөрдөн улам тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү ыктымал экенин эскерткен эле. Айрым жерлерде катуу шамал болушу ыктымалдыгын кабарлаган.

Түп районундагы 2-августтагы нөшөрдөн кийин Кең-Суу жана Байзак айылдарында сел жүргөн. Эки кыштакта 50дөй үйдү суу каптаган. Андан сырткары чарбалык жолдор бузулган.

Нарын районунун Куланак айылында 22-июлда айылында нөшөрдөн кийин сел жүрүп, 16 үйдүн короосун суу каптаган.

XS
SM
MD
LG