Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

"Москва Грузиядагы агрессиясы үчүн жазаланса, Украинага даабайт эле"


Орус аскерлеринин аткылоосунан жарадар болгон грузиялык аял. Гори шаары. 2008-жыл, 9-август.
Орус аскерлеринин аткылоосунан жарадар болгон грузиялык аял. Гори шаары. 2008-жыл, 9-август.

Мындан 15 жыл мурда, 2008-жылы 8-августта Орусия менен Грузиянын ортосунда куралдуу жаңжал тутанган. Тбилиси Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалга чабуул коюуга жикчилдердин кол салуулары түрткөнүн айтып келсе, Москва өз жарандарын, жикчил аймактагы бейпилдик күчтөрүн коргогонун билдирген.

Беш күндүк согуштан кийин Орусия Грузиянын курамындагы жикчил Түштүк Осетия менен Абхазияны көз карандысыз өлкөлөр катары тааныган.

Уруш ондогон адамдардын өмүрүн кыйган, миңдеген грузин там-ташынан ажыраган. Көбү жикчил жумурияттардагы үйлөрүнө кайта албай жүрөт.

Орусия 15 жыл мурун жазасын алса, былтыр Украинага кол салбайт эле. Ушундай ой-пикири менен грузиялык дипломат жана саясатчы, Орусиядагы жана Украинадагы мурдагы элчи, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, экс-финансы министри, бир кездери Кара деңиз экономикалык кызматташтык уюмуну баш катчысы болгон Валерий Чечелашвили бөлүштү.

Валерий Чечелашвили.
Валерий Чечелашвили.

- 2008-жылкы согуш Грузиянын тарыхында кандай из калтырды?

- Уруш өлкө тарыхындагы драмалуу так болуп калды. Эмне дегенде Орусия менен өз ара маселелерибизди сүйлөшүү, масилеттешүү, кеңешүү жолу менен чече алабыз деген баёо түшүнүк жок болду. 8-августта, тагыраагы, 7-августта Орусия чүмбөтүн сыйрып, чыныгы жүзүн көргөзүп койду. Эмне үчүн согуш 7-августта башталганын айтып жатам? Анткени орусиялыктар өзүнүн ошол кездеги басып кирүүсүн грузин аскерлеринин "бейпилдик күчтөрүнө чабуул койгону" менен түшүндүрүп жүрүшөт.

Орус аскерлери Горидеги жолду тороп жатышат. 2008-жыл, 9-август.
Орус аскерлери Горидеги жолду тороп жатышат. 2008-жыл, 9-август.

Бирок орус аскерлери Рок тоннелинен өтүп, грузин аймагына дал 7-августта кирип келген.

Бул алардын агрессияга алдын ала даярданганынан кабар берет. Буга тиешелүү материалдар интернетте байма-бай жарык көргөн. Мен Андрей Ларионовдун макалаларын өзүнчө атап кетет элем.

Ал асыресе Краснодар крайы тарабынан, Молькинодогу лагерден жөнөтүлгөн ГРУнун (орус армиясынын чалгын кызматы) диверсиялык топтору тууралуу жазганы бар.

Жалпысынан алганда, азыр айткандай, уруш драмалуу так калтырды. Биз көп нерсени түшүндүк, көп жыйынтык чыгардык. Батыштагы өнөктөштөргө, анын ичинде Украинага, кошуналарга Грузияда 2008-жылы болгон окуя Орусиянын тышкы саясатынын адаттан тыш көрүнүшү эмес, Москванын коңшу мамлекеттерге болгон кадыресе саясаты экенин түшүндүрүүгө аракет кылып келдик.

Тилекке каршы, биз ошондо дос мамлекеттерди ынандыра алган эмеспиз. Андан кийин Украинада 2013-2014-жылдары болгон окуялар, Орусиянын былтыр 24-февралда жок жерден ачкан кыйратуучу согушу биздин позициябыз ошондо туура болгонун далилдеди.

Биздеги сценарий жөн эле кайталанып калган жок. Украинага кол салуу 2008-жылы агрессор жазасын албаганы үчүн мүмкүн болду. Эсиңиздерге сала кетсем, беш күндүк согуштун аягында Орусиянын жана Грузиянын ошол кездеги президенттери Дмитрий Медведев менен Михаил Саакашвили Еврошаркеттин ошол маалдагы төрагасы Франциянын мамлекет башчысы Николя Саркозинин ортомчулугу менен тынчтык планына кол коюшкан.

Эки жума өтүп-өтпөй Москва келишимди бузган. Алты пункттан турган документтин шарттарынын бири куралдуу кагылышууга катышкан бардык бөлүктөр туруктуу дислокацияланган жерлерге кайтууга тийиш деп белгиленген.

Медведев президент болгону менен, баары бир бийлик премьер болуп турган Владимир Путиндин колунда эле. Медведев ошондо ийинин куушуруп, эмне кылалы, бул жаңы мамлекеттер менен мамиле түзүшүбүз керек, аскерлерди чыгарбайбыз деген. Бул Орусиянын кадимки, көнүмүш кош стандарт саясаты.

- Москва тынчтык планын бузганын айтып атасыз. Ушундай тажрыйбадан кийин эмне себептен азыр деле Украинаны сүйлөшүүлөр үстөлүнө отургузуп Орусия менен тынчтык келишимин түзүүгө көндүрүү аракеттерин көргөндөр аз эмес?

- Орусия кандай мамлекет экенин, анын тышкы саясаты кандай кызыкчылыктарды көздөгөнүн жакшы түшүнгөн адамдар андай аракетти колдобойт. Украинанын аймактык бүтүндүгү 1991-жылкы чек аралардын алкагында калыбына келтирилсе, эч кимди сүйлөшүүлөр үстөлүнө отургузуунун да кажети болбой калат. Ал эми Москва менен диалогго баруу зарыл дегендер - тигил же бул жүйөдөн улам Кремлге жакын адамдар же Орусияны башкарган режимдин маани-маңызын түшүнө элек саясатчылар.

Орусия Федерациясы кол койгон, анан эч тартынбастан, көз көрүнөө аткарбай койгон, таштанды челекке ыргытып салган ондогон көп тараптуу же эки тараптуу келишимдерди атай алам. Арасында Грузия, Азербайжан, Армения же Беларус менен макулдашуулар бар. Же эл аралык уюмдардын ратификацияланган уставдарын, Украина менен 1994-жылы кол койгон меморандумду, эки тараптуу кызматташтык тууралуу келишимди атаса болот.

Кыскасы, санап отурсам, убакыт жетпейт. Мен көптөгөн жылдар бою Орусия менен эки тараптуу сүйлөшүүлөргө катышып жүрдүм, ал өлкө мүчө болгон эл аралык уюмдун баш катчысы катары Москванын жүрүм-турумунун тарыхын жакшы билип калдым. Албетте, эртедир-кечтир Орусия менен келишимге кол коюуга туура келет. Бирок, менимче, "Чоң Жети" жана бүтүндөй Батыш Москва олуттуу кепилдик бергенде гана андай документке кол коюуга барса болорун жакшы түшүнүп калды. Буга эл аралык катуу кысым аркылуу гана жетишсе болот. Антпесе, Орусия өзүнө алган милдеттенмелерге маани бербейт. Мындай мисалдарды айтып отурсам түгөнбөйт.

- Ошол беш күндүк согуш Украинага кол салуу алдындагы машыгуу же күч сыноо болчу десе болобу? Мисалы, Еврошаркет түзгөн эл аралык көз карандысыз комиссия согуштук аракеттерди Грузия баштаган, бирок Москва чагымчылдык кылган жана жоопкерчилик көбүнесе ага жүктөлөт деген тыянакка келген. Орус бийлигинин жикчил Түштүк Осетия жана Абхазиянын тургундарына орус паспортторун жапырт таратышы олуттуу мыйзам бузуу болгону белгиленген. Кийин украин аймактарында да ушундайга күбө болбодукпу.

- Сиз Хайди Тальявини баштаган топтун докладын айтып жатасыз. Ошондо комиссияга ар кыл адамдар кирген. Европалык саясатта тигил же бул маселеде так стратегия, так көз караш жок болгондо, алар эки тарапка тең тартып коёт эмеспи. Аны топтун курамынан деле байкаса болот. Азыр аны кеп кылуунун кажети деле калган жок.

2008-жылы грузин дипломаттары түшүндүрүүгө аракеттенген нерселер чын болуп чыкты. Батыш ал эскертүүлөргө эми гана ынанып отурат. Ошондо президент Саакашвили кийинки кезек сөзсүз Крымга келет, Украина менен жаңжал болот деп айтканы бар. Ошондо Батыш өкүлдөрү баштарын ийкеп эле тим болушкан.

Грузиялык качкындар. Тбилисинин жака белиндеги Игоети айылы. 2008-жыл, 16-август.
Грузиялык качкындар. Тбилисинин жака белиндеги Игоети айылы. 2008-жыл, 16-август.

Орусиянын дипломатиясы ошондо жакшы иштегенин да айтып коюш керек. Тышкы иштер министри Сергей Лавров 2008-жылы сентябрда Мамдумада сүйлөгөндө "кошуна өлкөлөр кам санабай эле коюшсун, аймактык бүтүндүк принциби сакталат, Грузия - бул башка нерсе, ал жакта маселе Саакашвилиде, осетин жана абхаз элдерине каршы геноцид жүрүүдө" деп айткан.

Грузиядагы абал башкача, калгандары сарсанаа болбой эле койсун дегенде, Орусиянын айланасындагы мамлекеттер жана Батышта көптөрү ишенип калган, жеңилдей түшкөн. Дипломатиясы ушундай жакшы иш алып баргандыктан, Орусия "Чон Сегиздиктен" чыгарылган эмес. Эл катарында калган, санкцияга кабылган эмес. АКШнын ал маалдагы президенти Барак Обама Москва менен мамилелерге жаңы дем берүү саясатын жарыялаган.

Туура суроо коюп жатасыз. Ал согушту тутантуу менен Орусия башкаларды сынап көрөлү дегендей. Ал Москва үчүн эч кандай кесепетсиз, жазасыз аяктагандан кийин жакшылап даярданып туруп Крымды тартып алышты. Кырдаалдан пайдаланып, эч ким мындай агрессивдүү аракеттерди күтпөгөн чакта кошунасына басып кирди. Эмне үчүн эч ким күткөн эмес? Лавровдун жогорудагы сөздөрүнө чейин эле, адашпасам, 2003-жылы президент Путин украин мамлекет башчысы Кучма менен чек аранын демаркациясы жана делимитациясы тууралуу келишимге кол коюшкан. Бул дагы Москва эл аралык макулдашууларды көзгө илбейт дегендин дагы бир мисалы. 2014-жылы бардыгы эле Орусиянын саясатын түшүнүп калды. Кеч болсо да коллективдүү Батыштын көзү ачылды. Тилекке каршы, бул Москва жок жерден ачкан жырткыч согуштун арты менен болуп отурат.

- Согуш демекчи, Украинадагы согуш грузиндердин 15 жыл мурун болгон агрессияга көз карашын өзгөрттүбү? Башкача ой жүгүртүп калыштыбы?

- Кандай башкача ойлонуу болмок эле? Биз ошондо Чыгыштагы, Батыштагы өнөктөштөрүбүзгө эскертип келген нерселердин бардыгы, тилекке каршы, туура болуп чыкты. Биз жаңылышсак, Орусия эң жакын кошуналарына каршы агрессивдүү саясатын токтотсо, аны глобалдуу алкакта жайылтпаса, жакшы болмок.

Бирок Орусиянын мамлекеттүүлүгүнүн табияты, баалуулуктар системасы мына ушундай экен. 25 жыл башкарган президент Путин дагы 25 жыл бийликте отурам, татыктуу башка эч ким жок десе, саясий атаандаштары же чет жактарда жүрсө, же түрмөдө отурса, же жок кылынса, демек, бул мамлекеттин түпкү маңызы башкача экенин баамдаса болот. Ички саясатындагы мындай көрүнүштөр тышкы саясатка да жайылууда. Биз муну ошондо, 15 жыл мурда эле билгенбиз. Орусия мамлекети мына ушундай. Учурда санкциялардын кысымы астында, барган сайын обочодо калууда. Бул - Москва эл аралык мейкиндикте жүргүзгөн саясаттын мыйзам ченемдүү жыйынтыгы.

- Буга чейин Орусиянын агрессиясына кабылган Грузиянын украин согушундагы позициясы бир аз чечкиндүүрөк, катаалыраак болот деп күткөндөр көп болду. Эмне себептен андай болгон жок?

- Туура айтасыз. Мен азыр Тышкы иштер министрлигинде же өкмөттө иштесем, ишенип коюңуз, позициябыз сиз айткандай эле болмок. Расмий Тбилисинин бул кыйраткыч согуштагы азыркы позициясы эл аралык мамилелер системасында биздин улуттук кызыкчылыктарга каршы келет деп терең ишенем.

Украинаны жакшы көрөбүз, бизди өзгөчө эмоционалдык мамилелер байланыштырат, өлкөлөрүбүз ортосунда достук жана кызматташтык, өз ара көмөктөшүү келишими түзүлгөн. Киев ага кыйшаюусуз берилгенин көп ирет далилдеген, биз стратегиялык өнөктөшпүз, тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарыбыз бирдей. Муну менен катар Украинаны колдоо биздин түпкү кызыкчылыктарыбызга дал келет.

Гори шаарындагы кармаш. 2008-жыл, август.
Гори шаарындагы кармаш. 2008-жыл, август.

Учурда Грузия эки беткей саясат жүргүзүүдө. Бир четинен, Москвага салынган санкцияларга кошулган жок. Экинчи жагынан, Украинага гуманитардык жардам көргөзүп, Киев тарапты колдойт. Мындай эки ача позиция Орусиянын кыжырын келтирбейли, дагы бир кол салуусуна шылтоо бербейли деген жүйөгө таянгандай.

Бирок Москванын саясатын жакшы билген адам катары муну абдан жупуну, тажрыйбасыз саясат деп атайт элем. НАТО, Евробиримдик менен терең кызматташуу гана бизге күчтүү кепилдик болуп бере алат. Орус Федерациясы Грузияга кол сала турган болсо, анын арты олуттуу болорун Москва так билиши керек. Кепилдик Орусияга жагалданууда эмес, кепилдик мына ушунда.

Баса, орус бийлигинин көңүлүн канчалык албайлы, биздин жарандарды уурдап кетүү, көзүн тазалоо, жылма оккупация уланууда. Москва эмне кылсаңар да бизге баары бир дегендей так ишарат кылып жаткандай. Андыктан грузин бийлигинин алысты көрбөгөн саясаты эл аралык сахнада бизге аброй алып келбейт. НАТО, Евршаркет, АКШ, биринчи кезекте Украинадагы өнөктөштөрүбүздүн ишеними, тилекке каршы, барган сайын төмөндөп жатат. Украина менен мамилелерибиз ушундай төмөн чекке түшүп кетет деп эч качан ойлогон эмесмин.

- Орусиянын бийлиги мурдагы советтик өлкөлөрдү өз таасир чегинен чыгаргысы жок, атүгүл кайрадан өз курамына кошуп алууну көздөйт, андыктан улам бир агрессияга барып жатат деген пикирлер көп айтылууда. Бул жагынан алганда Грузия менен Кыргызстан бир катарда турат десе болобу?

- Формалдуу көз караштан алып караганда, Орусия үстөмдүк кылган уюмдар, биринчи кезекте Евразия Экономикалык биримдиги менен Жамааттык коопсуздук келишим уюму бар эмеспи. Кыргызстандан айырмаланып, Грузия аларга мүчө эмес. Орусиянын империялык дымагынан алып караганда, албетте, алар мурдагы СССРде болгон бардык мамлекеттерди каратып алгысы бар.

Эмне себептүү биринчи кезекте дал Украинага каршы ушундай агрессияны көрүп жатабыз? Себеби, Советтер Союзун, орус империясын Грузиясыз, Кыргызстансыз же Азербайжансыз калыбына келтирсе болот. Бирок белгилүү себептерден улам союзду Украинасыз тирилте албайт. Андыктан Москва ыңгайлуу учурдан пайдаланып кол салды.

Орусиянын Украинадагы агрессиясына каршы акция. Тбилиси, 2022-жыл, 24-август.
Орусиянын Украинадагы агрессиясына каршы акция. Тбилиси, 2022-жыл, 24-август.

Украина күчтөнүп жатканына күбө болуудабыз. Кремлдегилер кошуна өлкө Евробиримдикке өтө жакындап, жашоо стандарттары жогорулап, элдин бакубаттуулугу өссө, кийин кыйын болот деп согушту дал ушу тапта ачууну, Киевди үч күндө алууну чечишсе керек. Алардын планы ишке ашса, анда бийликке Янукович, Медведчук же булар өндүү дагы бир тактекени отургузуп коюшмак. Ошондо орустардын СССРди калыбына келтирүү максаты ойдогудай орундалып жатат деп айтса болот эле. Бирок алардын тилегин таш капты. Муну менен бардыгыбыз үчүн да жакшы мүмкүнчүлүк пайда болууда.

Грузия мен жогоруда айткан Москванын экономикалык системасына тартылбай калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду, ал эми Армения же Кыргызстан үчүн аталган уюмдардан чыгууга өбөлгө түзүлмөкчү. Украинанын жеңиши жакындаган сайын биринчи кезекте Евразия экономикалык биримдиги менен Жаматтык коопсуздук келишим уюму ыдырап кетет деп толук ишенем. Орусиянын орбитасында кала берген өлкөлөргө эл аралык мамилелердин жаңы системасында өз ордун табууга туура келет, буга даярданыш керек деп ойлойм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG