Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Моравецкий: "Вагнерчилер" Польша менен Литванын чек арасына жакын жерге жеткирилди


Матеуш Моравецкий, Польшанын премьер-министри.
Матеуш Моравецкий, Польшанын премьер-министри.

Ушул тапта Беларуста турган Орусиянын "Вагнер" жеке аскер компаниясынын жүздөн ашык жоочусу Польша менен Литвага чектеш Сувалки коридоруна жеткирилди. Бул тууралуу 29-июлда Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий билдирди.

Моравецкий эмнеге таянып мындай маалымат бергенин ачык айткан жок. Ал "вагнерчилер" Беларустун Гродно шаарына чукул жерде жайгашканын айтып, "бул Польшанын аймагына карай чабуулга кадам" деп белгиледи.

Польшанын Сувалки шаарынын атынан "Сувалки коридору" деп аталган аймак - Польша менен Литваны бириктирген 100 чакырымдай жер. Аймактын түндүк-батышында Орусиянын Калининград облусу жайгашкан, түштүк-чыгыш тарабында - беларус чек арасы.

Моравецкий акыркы жылдары Беларустан Польшага жана Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнө Азия жана Африка өлкөлөрүнүн жарандарынын мыйзамсыз өтүү аракеттери күчөгөнүн да эске салды.

Варшава мыйзамсыз миграциянын артында Минск менен Москва турат деп айыптап келет.

Моравецкий "Вагнердин" жоочулары мигранттарга чек арадан өтүүгө көмөктөшүү менен бирге эле өздөрүн да алардын бири катары көрсөтүп, өлкөгө кирүүгө аракеттенет деп кооптонууда. Ал ошондой эле "вагнерчилер" беларус чек арачыларынын кийимин кийип алышы да ыктымал экенин айтууда.

"Вагнер" компаниясы жана Минск азырынча Моравецкийдин билдирүүсүнө комментарий бере элек. Азырынча поляк өкмөт башчысынын сөзүн тастыктаган көз карандысыз булактар да жок.

"Вагнерчилердин" кыймыл-аракетине да байкоо жүргүзгөн "Беларускi Гаюн" долбоору бул аптада Орусиядан чыгарылган жаңы аскер техникалары Беларустун борбордук бөлүгүндөгү Цель кыштагындагы талаа лагерине жеткирилгенин жазды. Жалданмалар тууралуу азырынча маалымат жок.

Бир күн мурун Польша Куралдуу күчтөрүнүн санын дээрлик эки эсе көбөйтүүнү чечкени маалым болгон. Коргоо министри Мариуш Блащак тиешелүү буйрукка кол коюлганын кабарлаган. Ошондой эле Варшава аскерлеринин бир бөлүгүн чыгыштагы чек арасына которууну чечкени маалымдалган.

"Вагнер" менчик аскер компаниясынын жоочулары Беларуска Орусиядагы "куралдуу козголоңдон" кийин көчө башташкан. Орусиянын аскердик жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган Евгений Пригожин жалданма аскерлери менен 23-24 июнь күндөрү Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москваны көздөй багыт алган. Ал орто жолдон күтүүсүздөн артка кайтарын жарыялаган. Буга анын телефондон Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко менен сүйлөшүүсү түрткү болгон.

Орусиянын бийлиги куралдуу жүрүшкө чыккандарга карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, ал эми "вагнерчилердин", анын ичинде Пригожиндин Беларуска чыгып кетүүсүнө жол берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG