Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Орусия Москва дрон чабуулуна туш болгонун билдирди


"Москва-Сити" борборундагы жабыркаган кеңселер. Москва. 30-июль, 2023-жыл.
"Москва-Сити" борборундагы жабыркаган кеңселер. Москва. 30-июль, 2023-жыл.

Жекшембиге караган түнү Орусиянын баш калаасына пилотсуз учактардан чабуул жасалып, "Москва-сити" бизнес борборунун эки мунарасы жабыр тартканы кабарланды. Орусиянын мамлекеттик ЖМКлары Москва шаарынын мэри Сергей Собянинге шилтеме берип, имараттын бир нече кабатынан терезелер күбүлүп түшкөнүн, бир киши жабыр тартканын жазууда. Маалыматтарда чабуул эки дрондон болгону айтылат.

Орусиянын Коргоо министрлиги дагы бир дрон Москванын чет жакасындагы райондордун биринен атып түшүрүлгөнүн ырастоодо. Ал эми "Москва-ситиге" учуп келген дрондор радиоэлектрондук каражаттар аркылуу жок кылынган. Бир нече убакытка Москвада учуп-конууга тыюу салынып, "Внуково" аэропортунун иши үзгүлтүккө учураган.

Киев азырынча чабуулду комментарийлеген жок. Орусиянын ичиндеги чабуулдарга украин бийлиги расмий түрдө жоопкерчиликти өзүнө албайт.

Орусиянын бийлиги буга чейин дагы башкалаа дрон чабуулуна кабылганын маалымдаган эле.

4-июлда эртең менен "Внуково-3" өкмөттүк аэропортуна жакын жерди учкучсуз учактар бутага алганы кабарланган. Орусиянын Коргоо министрлиги Москва облусундагы объектилерге беш дрон менен чабуул жасалганын жарыялаган. Орусия муну "террордук акт" деп атаган эле. Расмий маалыматта бардык дрондор жок кылынганы, жабыркагандар жана кыйроолор жок экени айтылган. Ошол маалда аэропорт эки саат иштебей турган. Киев буга комментарий берген эмес.

24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Украина Москвага эки дрон менен сокку урууга аракеттенгенин билдирген. Бир катар маалымат каражаттары жабдыктардын бири министрликтин имаратына эки чакырымга жакын жерге кулап түшкөнүн кабарлашкан. Мекеме бул окуяны да "теракт" деп атаган.

30-майда Москвага 25 дрон менен чабуул жасалганы айтылып, шаар мэри Сергей Собянин эки учкучсуз аппарат үйлөргө кулап, айрым имараттар азыраак жабыркаганын билдирген болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG