Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:15

Каракалпакстан Өзбекстандын жакыр аймактарынын сап башында аталды


Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Жийде айылы.
Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Жийде айылы.

Өзбекстандын Эмгек жана жакырчылыкты кыскартуу министрлиги быйылкы алты айга карата өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээлин аймактарга жараша аныктады. Ага ылайык, Каракалпакстан 19,7% менен эң жакыр аймактардын сап башына чыккан. Андан кийин 19,5% менен Сырдарыя жана Хорезм (19,1%) облустары аталды. Жакырчылыктын эң төмөнкү көрсөткүчү Ташкент облусунда - 8,5%.

Өзбекстанда жакырчылыктын деңгээли жалпы 14,1% түзөт. Өлкөдө 1 млн 307,8 миң жакыр жашаган үй-бүлө катталган. Өкмөт жакырчылыктын деңгээлин жыл аягына чейин 12%, ал эми жакыр үй-бүлөлөрдүн санын 1 млн го чейин кыскартууну көздөп жатат.

Жергиликтүү маалымат каражаттары быйыл жыл башынан тарта өлкөдөгү райондорду атайын категорияларга бөлүү башталганын жазышты. Мындай жол менен райондор категориясына жараша салык төлөйт жана субсидия алышат.

208 район 5 категорияга бөлүнгөн. 5-категория ыйгарылган 20 райондо ишкердик кылуу мүмкүнчүлүгү татаал деп табылган.

XS
SM
MD
LG