Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

Журналисттер Украинадагы согушта өлгөн 28 миңден ашык орусиялык аскердин тек-жайын тактады


"Медиазона" басылмасы, Би-би-си радиосунун орус кызматы жана ыктыярчылар Украинадагы согушта өлгөн орусиялык 28 652 аскердин аты-жөнүн аныкташты. Алар бул тууралуу 28-июлда жарыялашты. Тизмеге аты-жөнү аныкталган жана көмүлгөн жери такталгандар гана кирген.

Иликтөөчүлөр Украинадагы согушта набыт болгондор тууралуу ачык документтерге, маркумдардын жакындарына таянып, мүрзөлөрдөгү маалыматтарга мониторинг жүргүзөт. Алар жоготуулардын так саны мындан 2,5 эсе көп болушу ыктымалдыгын айтышууда.

"Медиазона" жана "Медуза" быйыл май айынын аягында эле Украинадагы согушта көз жумган адамдардын жалпы саны 47 миңден ашканын жарыялаган. Бул маалыматты журналисттер аскер курагындагы эркектердин өлүмү тууралуу маалыматтардын негизинде алышканын ырасташкан.

Иликтөөчүлөр ошол эле учурда абактардан согушка барып, набыт болгондордун саны азайганын белгилешүүдө. Ага ылайык, учурда абактан согушка баргандар Орусиянын Коргоо министрлигинин "Шторм Z" отрядында согушуп жатышат. Азырынча абакта жаткандарды согушка азгыруу кандай деңгээлде жүрүп жатканы белгисиз.

Иликтөөдө аскерге чакырылган 2976 орусиялык өлгөнү белгилүү болгон, алардын 60% ашууну быйыл жыл башынан берки мезгил аралыгында набыт болушканы айтылат.

Өткөн айда подполковник жана андан жогорку аскер чининдеги 17 кызматкер өлгөн. 11-июлда Орусия Коргоо министрлигинин генерал-лейтенанты Олег Цоков, Түштүк аскер аймагынын команда башчысынын орун басары окко учканы кабарланган. Жалпысынан Украинадагы согушта Орусиянын жогорку чиндеги 280 офицери каза болгону тастыкталган.

Иликтөөдө айтылгандай, көз жумган аскерлер тууралуу "кара кагаз" көбүнчө Свердлов, Челябинск, Ростов облустарына, Башкырстан, Бурятияга келген. Краснодар крайында ыктыярчылар согушта өлгөндөр тууралуу маалыматтарды мүрзөлөрдөн чогултушкан.

Орусия Украинага согуш ачкандан тартып, 2023-жылдын май айына чейин "Вагнер" менчик аскер уюмунун 22 миң жалданма жоочусу каза болгонун "Разгрузка Вагнера" Телеграм каналы 19-июлда жарыялаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согуштагы жоготуулары тууралуу ачык жазбайт жана журналисттер жарыялаган маалыматтарга да түшүндүрмө бербей келет. АКШ быйыл январда Украинадагы согушта орус армиясынан набыт болгон жана жаракат алгандардын саны болжол менен 270-300 миң адам экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG