Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

Акылбек Жапаров иши токтоп турган “Жунданын” башчыларынын жүйөсүн укту


Акылбек Жапаров менен Ду Дэвэн заводдун аймагында. 8-август, 2023-жыл.
Акылбек Жапаров менен Ду Дэвэн заводдун аймагында. 8-август, 2023-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кара-Балтадагы “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводуна барып, өндүрүш аймактары менен таанышып чыкты. “Чайна Петроль Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги менен кеңешме өткөрдү. Анда төрт жылдан бери токтоп турган заводду ишке киргизүү жана модернизациялоо маселеси талкууланды.

“Жунданын” жетекчилиги заводдун токтоп турган себептери тууралуу маалымат берди.

Жолугушууларга жана талкууларга Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Акылбек Жапаров бул күнү Мамлекеттик материалдык резервдер фондун буудай менен камсыздап келген “Дан” мамлекеттик ун ишканасында, “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасында, “Декна Бишкек Текстиль” текстиль чыгаруучу менчик ишканасында жана “Строй Сервис плюс” менчик ишканасында болду.

Кытайдын “Чайна Петроль Компани” компаниясы ээлик кылган “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводу 2019-жылы токтоп калган. Алгач анын себеби айтылбай жатып, 2020-жылы пандемияга байланыштуу экени кабарланган. Кийин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары завод коррупциянын айынан иштебей турганын, ишкана текшерүүлөрдөн тажап, ишин токтотуп койгонун айтып чыккан.

"Жунда" заводу жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Кытайлык инвестор аны курууга 300 миллион доллар жумшаган. Завод 2013-жылы ишке берилип, бир жылдан кийин аз убакытка өндүрүшү токтоп, кайра уланган.

2015-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) заводдун айрым кызматкерлерине "салыкты жашырды" деген айып менен кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын аягында Жайыл райондук соту бул ишти карап, "кылмыш курамы жоктугуна" байланыштуу заводдун кызматкерлерин актаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG