Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Латвия Беларус менен чек арасын катуу тартипте кайтарууга өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Латвия Беларус менен чектешкен аймактарында чек араны катуу тартипте кайтарууга өтөт. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн сайтына жарыяланды. Анда мындай режим 11-августта башталып, кийинки жылдын 24-февралына чейин уланары жазылыган.

"Буйрук мамлекеттик чек аранын кол тийбестигин камсыздоо жана улуттук коопсуздукка коркунучтун алдын максатында чыгарылды. Латыш-беларус чек арасында мыйзамсыз өткөн учурлар көбөйгөнү, мындай агымдын алдын алуу зарылдыгы эске алынды", - деп жазылган маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-августунан тартып ушул жылдын январь айына чейин латыш-беларус чек арасынан мыйзамсыз 14 миңдей адам өтүүгө аракет кылган. Алардын көбү ушул жылдын алты айында болгон.

Гуманитардык себептерден улам Латвия Беларустан 282 адамды өтүшүнө уруксат берген, алардын 110дон ашыгы балдар болгон.

Латвия ушул тушта чек арада 173 чакырымдык дубал куруп жатканы жана ал 2024-жылы аяктаары айтылган.

Польша Беларус менен чек арасына бийиктиги 5,5 метрге жеткен 186 чакырым чеп курган. Литва дагы былтыр чек арасын бийиктиги беш метрге жеткен, үстүнө тикенек зым тартылган бетон дубал менен тоскон.

2021-жылы жай-күз айларында Польшада жана Балтика өлкөлөрүндө миграциялык кризис жаралган. Аталган өлкөлөрдүн бийликтери буга байланыштуу Беларустун лидери Александр Лукашенкону айыптаган.

Ошол маалда Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн келген миңдеген мигрант Беларус аркылуу Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө, Литва, Латвия жана Польшага өтүп кетүүгө аракет кылган. Натыйжада жүздөгөн адам чек арада ары же бери кете албай калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG