Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

"Алтын балалыкта" 14 жаштагы кыз сууга чөгүп каза болду


"Алтын-Балалык" борбору.
"Алтын-Балалык" борбору.

5-августта Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” реабилитациялык борборунда 14 жаштагы кыз сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу анын тууганы Жазгүл Калканбекова 9-августта “Азаттыкка” билдирди.

4-августта Жумгал районунун Миң-Куш айылынан 238 окуучу “Алтын балалык” реабилитациялык борборуна эс алууга барган. Аларды коштоп жүрүү үчүн айыл өкмөтү тогуз адамды кошуп жөнөткөн.

“Коштоочулар барган күнү эле “майрамдап алып”, эртеси күнү балдарды карабай коюшкан. Ошол күнү эки кыз сууга түшүп, чөгүп кетет. Бирөөнү куткарып, сиңдимди куткара албай калышкан. Алар ачык эле жерде сууга түшкөн. Сиңдим чөгүп баратып, жардам сурап кыйкырган экен. Бирок эч ким жардамга келген эмес. Окуучулар менен барган 10-класстагы иним барып, аны суудан алып чыгат. Ошондо да биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес”, - деди Калканбекова.

Ысык-Көл облустук милициясы окуяны ырастап, чөгүп кеткендердин бири райондук оорукананын реанимация бөлүмүндө экенин билдирди.

5-августта Ысык-Көл райондук милициясына “Тез жардамдан” “Алтын балалык” борборуна жакын жерде эки кыз чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшүп, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган.

Милиция билдиргендей, каза болгон кыздын жакындары аны соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн жана арыз жазуудан баш тарткан. Калканбекова кыздын сөөгү сакталган өлүкканада муздатуучу система иштебегенине байланыштуу ушундай кадамга барышканын билдирди.

"Алтын балалык" борбору жана Миң-Куш айыл өкмөтү бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 70тен ашык адам сууга чөгүп каза болду. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу бери дегенде 25% көп.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG