Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Ереванда ондогон адамдар Лачын коридорун ачууну талап кылышты


Ереванда Лачын коридиорун ачууну талап кылган акциянын катышуучусун полициячылар кармап баратат. Армения. 8-август, 2023-жыл.
Ереванда Лачын коридиорун ачууну талап кылган акциянын катышуучусун полициячылар кармап баратат. Армения. 8-август, 2023-жыл.

8-августта Еревандагы өкмөттүк имараттардын эшиктерин тороп, бийликтен Лачын коридорун ачууну талап кылгандардын бир нечесин полиция кармап кетти.

Жикчил Тоолуу Карабак аймагын Армения менен бириктирген Лачын коридорун Азербайжан тарап жети ай мурда жаап салган. 26-июлда Ереван Тоолуу Карабакка жөнөткөн гуманитардык жардам жүктөлгөн машинелерди өткөрбөй койгон.

Ереван жана башка эл аралык уюмдар Тоолуу Карабакта гуманитардык кризис күч аларын эскертүүдө. БУУнун көз карандысыз эксперттери 7-августта тараткан билдирүүсүндө аймакта ун, май, шекер баштаган өтө зарыл азык-түлүктөр тартыш болуп жатканын белгилешкен.

8-августтагы акцияда 14 киши кармалып, көп өтпөй бошотулганын Армениянын Ички иштер министрлиги билдирди.

Негизинен согуш ардагерлеринен турган акциянын катышуучулары Тоолуу Карабактагы гуманитардык аламааттын алдын алуу үчүн коридорду курал менен болсо да ачууну талап кылышты.

Алардын айрымдары Еревандагы борбордук аянтты курчоого аракет кылганда, полиция кармап кетти.

Тоолуу Карабакка багыт алган 19 жүк ташуучу машинеден турган автокербен 26-июлдан бери Лачын коридорундагы өткөрмө бекетте турат. Аларды азери аскерлери жикчил аймакка өткөрүүдөн баш тартууда. Еревандын айтымында, машинелерге гуманитардык жардам жүктөлгөн.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги автокербендин жиберилишин "чагым жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү аракети" деп айыптады. Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жардамчысы Ереван алардын өлкөсүнө болгон "аймактык дооматтан баш тартышы зарыл" экенин билдирген.

Лачын коридору - Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырган алты чакырымдык өткөөл. 1992-жылдан 2020-жылга чейин Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги көзөмөлдөп келген. 2020-жылдын ноябрь айында бул жерге Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү жайгашкан.

Эл аралык мыйзамдар боюнча Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей жергиликтүү армяндар отурукташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG