Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Грузияда жер көчкүдөн мүрт кеткендердин саны 21ге жетти


Шови аймагында жүргөн жер көчкүнүн алдында аман калгандарды издеп жүргөн куткаруучу. 5-август, 2023-жыл. Грузия.
Шови аймагында жүргөн жер көчкүнүн алдында аман калгандарды издеп жүргөн куткаруучу. 5-август, 2023-жыл. Грузия.

Грузиядагы Шови курорттук аймагында 3-августта болгон жер көчкүдөн мүрт кеткендердин саны 21ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу кызматынын жетекчиси Темур Мгебришвили 9-августта билдирди. Анын айтымында, соңку бир суткада дагы эки адамдын сөөгү табылды. Алардын бири өспүрүм болгон.

12 киши дайынсыз болууда. Табигый кырсык болгон жерде миңдеген куткаруучулар жана аскерлер иштеп жатышат. Оор техника тартылган.

Жер көчкү болгон аймактан жүздөгөн адам эвакуацияланган. Көчкү бир катар мейманканаларды жана коттедждерди басып калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG