Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Сергиев Посаддагы жардыруудан бир киши мерт кетти, 60тай киши жабыркады


Сергиев Посад шаарында болгон жардыруудан кийин асманга көтөрүлгөн түтүн. 9-август, 2023-жыл.
Сергиев Посад шаарында болгон жардыруудан кийин асманга көтөрүлгөн түтүн. 9-август, 2023-жыл.

Москвадан анча алыс эмес жайгашкан Сергиев Посад шаарындагы Загорск оптико-механикалык заводдун аймагында болгон жардыруудан бир киши каза таап, 56 киши жабыркады. Алардын арасынан абалы оор алты киши азыр реанимацияда. 22 киши оорукананын травмотология бөлүмүнө түштү. Калгандары жеңил жарааттарды алышкан. Бул тууралуу Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев билдирди.

Маалыматка караганда, заводдун ичиндеги бардык цехтерден жана айлана-тегеректеги имараттардан адамдар коопсуз жакка чыгарылды. Алдын ала маалыматка караганда, пиротехника сакталган кампа жарылган. Буга ал жакта иштегендерди шалаакылыгы себеп болгону кабарланууда. Жарылуунун жыйынтыгында кампа толук жок болду. Андан тышкары заводдун жанындагы спорт комплекси, эки мектеп жана жыйырмадай көп кабатуу үй жабыркады.

Загорск оптико-механикалык заводунда аскердик максатта колдонулуучу продукциялар да чыгарылат. Былтыр заводдун аймагында өрт тутанган.

Жарылууда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

XS
SM
MD
LG