Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:15

ТИМ: Сергиев Посаддагы жардырууда кыргызстандыктар жабыркаган жок


Сергиев Посад шаарында болгон жардыруудан кийин асманга көтөрүлгөн түтүн. 9-август, 2023-жыл.
Сергиев Посад шаарында болгон жардыруудан кийин асманга көтөрүлгөн түтүн. 9-август, 2023-жыл.

Москвадан анча алыс эмес жайгашкан Сергиев Посад шаарындагы оптикалык өнөр жай ишканасындагы жарылууда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта учурда жардыруу болгон жерде өрт өчүрүлүп жатканы айтылат.

Сергиев Посаддагы жардыруу 9-августтун таңында болгон. Шаар тургундары окуядан кийин асманга көтөрүлгөн коюу түтүндүн видеолорун соцтармактарга жарыялашты.

“База” телеграм-каналы жазгандай, Загорск оптикалык заводуна жакын жердеги үйлөрдүн терезелери күбүлүп түшкөн. Жардыруу болгонун Сергиев Посад шаардык аймагынын администрация башчысы Дмитрий Акулов да ырастады. Алдын ала маалыматтарга караганда, заводдогу пиротехника сакталган кампа жарылган. Буга ал жерде иштегендердин шалаакылыгы себеп болгон. Mash телеграм-каналы 25тей адам жабыркаганын жазды. Ал эми ТАСС агенттиги 16 киши жаракат алганын кабарлады. Цехтерден баардык жумушчулар эвакуацияланды.

Загорск оптика-механикалык заводунда аскердик максатта колдонулчу продукциялар да чыгарылат. Былтыр заводдун аймагында өрт тутанган.

9-август күнү эртең менен Москванын мэри Сергей Собянин шаарды көздөй келаткан эки дрон абадан коргонуу каражаттары аркылуу атып түшүрүлгөнүн билдирген. Ал учкучсуз аппараттын жерге кулаган сыныктарынан эч ким жабыркабаганын кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG