Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Британияда Каримованын хан сарайы жана эки батири конфискация болду


Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова. 10-сентябрь, 2010-жыл. Нью-Йорк. Архивдеги сүрөт.
Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова. 10-сентябрь, 2010-жыл. Нью-Йорк. Архивдеги сүрөт.

Британ бийлиги Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы, түрмөдө отурган Гүлнара Каримованын эки батирин жана хан сарайын конфискация кылды.

Бул тууралуу Өзгөчө ири көлөмдөгү алдамчылыкка каршы күрөшүү бюросу (SFO) билдирди. Жалпы конфискацияланган үч кыймылсыз мүлк 25,5 миллион долларга бааланууда. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, кыймылсыз мүлктөр Өзбекстандагы коррупциялык ишмердиктен тапкан кирешеге алынган.

Жалпы аянты 70 миң чарчы метрди түзгөн короо-жайы менен хан сарайды Каримова 2010-жылы сатып алган. Анын аймагында көлмө жана бакча да бар.

SFO билдиргендей, 2004-2012-жылдары Каримова Өзбекстандын базарына кирүүгө көмөктөшүү үчүн телекоммуникациялык компаниялардан миллиондогон доллар пара алган. Бюро Каримованын Британиядагы активдерин камакка алуу арызы менен сотко 2018-жылы кайрылган. Сот арызды 8-августта гана канааттандырды.

Өзбек бийлигинин маалыматында, Гүлнара Каримованын жана анын кылмыштуу тобунун чет жактагы активдери 1,4 миллиард долларга бааланат. Расмий Ташкент бул каражаттын баарын кайтаруу аракетин көрүп келет. 2020-2021-жылдары Өзбекстан Франциядан Каримовага тиешелүү 20 миллион долларды кайтарып алган.

Былтыр сентябрь айында Орусияда сот Гүлнара Каримованын Москвадагы алты батирин конфискация кылган. Орусия менен Өзбекстан кыймылсыз мүлктөрдү сатуудан түшкөн каражатты экиге бөлүп алууну макулдашкан.

Гүлнара Каримова Ташкент облусундагы түрмөдө отурат. Ага "Опузалап мүлктү менчиктеп алуу", "Ысырап кылуу", "Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо" беренелери менен айыптар коюлган. Каримова 2020-жылы 18-мартта 13 жыл, төрт айга эркинен ажыратылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG