Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

Орус армиясы Украинанын Никополь шаарын аткылады


Украинанын Донецк облусундагы орус армиясынын чабуулунан талкаланган имарат. Покровск. 8-август, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын Донецк облусундагы орус армиясынын чабуулунан талкаланган имарат. Покровск. 8-август, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орус армиясы 9-августка караган түнү Украинанын Днепропетровск облусундагы Никополь шаарын аткылады. 18 жаштагы улан каза болуп, дагы үч адам жараат алганын облустук кеңештин төрагасы Николай Лукашук билдирди.

Аткылоодон жергиликтүү чиркөө, карапайым тургундардын турак жайлары, электр зымдары жабыркаганы кабарланды.

9-августта орус армиясы Херсон шаарына жасаган артиллериялык чабуулдан бала бакчалардын бири жарым-жартылай талкаланды. Бир улгайган адам жараат алды. Бул тууралуу Херсон облусунун аскердик администрациясы билдирди.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы маалымдагандай, 8-августта орус армиясы жалпысынан төрт ракеталык, 53 авиациялык сокку урган. Андан тышкары украин армиясынын аскердик турумдарын аткылаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG