Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Министр Ниязбеков Бостериде каза болгон жигиттин жакындары менен жолукту


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 10-августта Бостери айылында каза болгон Бекбол Аманкуловдун жакындары менен жолугушту.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, министр маркумдун жакындарына бул окуя ар тараптуу жана калыс каралып жатканын, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын максаттуу тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, анын курамына тажрыйбалуу кызматкерлер киргенин билдирди.

Тергөө иштеринин жүрүшү боюнча маркумдун туугандарына маалымат бериле турганын, окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатканын кошумчалады.

Окуя 5-августта Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы көл жээгинде болгон. 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун жакындары ал киши колдуу болгонун айтып, бирок муну милиция "алкоголдук уулануу" деп атаганына нааразылык билдиришкен.

Облустук милиция буга байланыштуу териштирүү иштери башталганын, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгы чыга электигин тактаган. Анда милиция алгачкы кароо иштерин жүргүзгөндө, маркумдун денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалбаганы, териштирүү аяктагандан кийин юридикалык баа бериле турганы айтылган.

Көп өтпөй бул окуянын териштирилишин президент Садыр Жапаров көзөмөлүнө алганы белгилүү болгон. Ысык-Көл облустук милициясында Аманкуловдун каза болгон себебин иликтөө үчүн тергөө тобу түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG