Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:33

Бишкекте троллейбустардын иши калыбына келди


Бишкекте троллейбустун айдоочулары иш таштаган учур. 11-август. 2023-жыл
Бишкекте троллейбустун айдоочулары иш таштаган учур. 11-август. 2023-жыл

Бишкектеги троллейбус каттамдарынын иши 12-августта жанданды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн 86 троллейбус каттамга чыкты.

"Кечээ аларга сентябрдан тартып айлык акылары 50 миң сомго чейин көтөрүлөрү айтылган. Ошол шарт менен бүгүн каттамдар жанданды. Троллейбус жана автобустарга айдоочуларды кабыл алуу да улантылып жатат", - деди Жамгырчиева.

11-августта Бишкек шаарында троллейбус айдаган 250дөн ашуун айдоочу айлыкты көтөрүү талабы менен иш таштаган. Алар менен "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын башчысы Талантбек Капаров жолугуп, маяна келерки айдан тартып 50 миңге чейин көтөрүлөрүн, 41 миң сом колго аларын билдирген. Бирок анын сөзүнө макул болбогон айдоочулар жыйындар залынан чыгып кетишкен.

10-августта троллейбустардын жүздөй айдоочусу жумуштан кетүү тууралуу арызын жазганы кабарланган. Алар 20-28 миң сом айлык алышарын айтып, маянаны көтөрүүнү талап кылышкан.

Алар троллейбустар камсыздандырылбаганы үчүн кырсыкка учураганда чыгымды өздөрү төлөй турганын айтышкан.

Капаров буга чейин айдоочулар менен 9-августта жыйын өткөнүн, сентябрь айынан тарта алардын маянасы 110% көтөрүлө турганын "Азаттыкка" билдирген. Ал "жол кире төлөө толугу менен накталай эмес төлөмгө өткөндөн кийин, жаңы жылдан кийин айлык маселеси дагы караларын" билдирген.

Коомдук транспорттун айдоочуларынын нааразылыгы Бишкек мэриясы жол кире электрондук түрдө гана кабыл алынарын жарыялагандан кийин чыкты.

Буга чейин шаар башкармалыгы 20-августтан тарта коомдук-муниципалдык транспортто накталай акча кабыл алынбай турганын билдирген. Ага ылайык, жүргүнчүлөр жол кирени электрондук, "Тулпар”, Visa, “Элкарт” жана башка карталар, QR код же мобилдик тиркеме аркылуу гана төлөй алат.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкекте жүргүнчүлөрдү жеке ишканаларга таандык 1800 кичи автобус 84 каттам боюнча, муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттам боюнча жана 85 автобус сегиз каттам боюнча ташып жатат. Мындан тышкары Өзбекстандан келген 70 автобусту жеке компания иштетүүдө.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG