Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:51

"Мына бул жер - өткөн кордук элеси". Үркүн элдин эс тутумунда


1916-жылдагы Үркүн курмандыктарына арнап орнотулган "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги эстелик.
1916-жылдагы Үркүн курмандыктарына арнап орнотулган "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги эстелик.

Кыргыз тарыхында кара так болуп калган Үркүнгө быйыл 107 жыл болду. Кыргызстанда ушул күндөрү бул апааттын курмандыктарын алардын урпактары, тарыхчылар жана коомдук уюмдар, активисттер жер-жерлерде эскерүүдө.

Үркүндөн бери үч-төрт муун алмашты. Бул трагедия элдин эс тутумунда кандай сакталган? Ага арналган иш-чаралар, эстеликтер, алардын мааниси тууралуу кеп кылабыз.

Салтка айланган жөө жүрүш

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Улуу Үркүн окуясын эскерген кезектеги жөө жүрүш башталды. Аны “Тосор коому” “Эсимде” изилдөө аянтчасы менен биргеликте уюштурган. Үчүнчү ирет өтүп жаткан жүрүштүн (трекинг) катышуучулары бул ирет эки топко бөлүнүп, Тосор, Токсо-Булак, Дуулат-Булак, Кайыңды, Алтын-Күңгөй, Ашуу-Төр жерлерине барышат, Үркүндүн курмандыктарын эскеришет. Саамалыкка “Тосор коомунун” өкүлдөрү, “Эсимде” изилдөө аянтчасынын жамааты, активисттер катышууда. Эскерүү иш-чаралары 13-августка чейин уланат.

Жети-Өгүз районунда башталган жөө жүрүш.
Жети-Өгүз районунда башталган жөө жүрүш.

Жүрүштүн негизги максаттары - колониализмдин курмандыктарын эскерүү, 1916-жылдагы окуяларга байланышкан жайларды коомдук эс тутумда жаңыртуу.

Уюштуруучулар 1916-жылкы эгемендик үчүн болгон улуу көтөрүлүштү эскерүү “Толук эгемен келечек үчүн, аталарыбыздын эгемендик күрөшүнө таазим кылуу үчүн, көмүскө калган тарых барактарын урпактардын эс-тутумунда бекиши үчүн, маңкурттуктан арылуу үчүн” өткөрүлүп жатканын белгилешет.

"Биздин көздөгөнүбүз - айтылбай келген учурларды ачык айкын айтуу, ачыкка чыгаруу. 100 жыл мурун болгон бул тарыхый окуяларды жыл сайын адамдарга айтып, эскерип турбасаң, азыркы жаштар билбей деле калышы мүмкүн. А биздин максат - ошону жеткирүү, аты аталбай калган канча деген баатырларды элдин эсине салуу. Мына ушул иш биздин тарыхты тактоого кошкон салымыбыз болот го деп ойлойм", - дейт жүрүшкө чыккан "Тосор коомунун" төрагасы Тыныбек Жукешов.

Былтыр, 2022-жылы өткөн жөө жүрүшкө жарандык активисттер, окумуштуулар, медиа өкүлдөр жана жергиликтүү тарыхчылар катышкан.

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган.

"Малдын өлүгү көпүрө болуп калыптыр"

74 жаштагы Мыктыбек Шаршеналиев Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылында жашайт. Анын айтымында, 1916-жылдагы Үркүндө атасы 13 жашта болгон. Шаршеналиев бала кезинде атасынан бул апаат тууралуу көп укканын, алардын али күнчө көп окуясы эсинде экенин "Азаттыкка" айтып берди.

"Кош-Дөбө (азыркы Кара-Күңгөй айылы) аймагынын эли "Кочкорго орустардын жазалоочу аскерлери келе баштады" дегенди угуп, айры баканын көтөрүп барышат. Алар деле даярданып күтүп турушкан экен, кыргыздар жакындаганда эле аткылаптыр. Баягы топтолгон эл дүрбөп, өйдө тарапты карай качышкан. Дөң-Таш деген жерге келгенде чоң атама ок тийип, аны атка өңөрүп келип, ташка корумдап көмүшүптүр. Үрккөн эл токтобостон качып отуруп, кеч киргенде Бел-Тепши деген жерге келишет. Жаш балдарды ар кайсы таштын түбүнө жашырып жатышканда жазалоочу аскерлер жете келип, ок чыгарган экен. Жылт деп көрүнгөндүн баарын аткылашып, түн бир оокумда Кочкор тарапка кирип кетишти деп эскерчү атам.

Баягы эл ошону менен токтобой малын айдап, оокат-ашын жүктөнүп, Нарындын Кара-Кужур деген жерине бет алышат. Атам "Ошондо 13 жаштагы бала болчумун, тай минип баргам" деп айтып калчу. Барган сайын качкан элдин саны көбөйүп, Кара-Кужурдан өткөндө бир ашууга келип такалышкан. Канча мал жардан учту дейт. Түн кирип калганда чоң сууга келип такалышат. "Таң атканча сууну кечпей күтсө, тирүү калбачудай болуп коркуп калган элдин алды малы менен кошо сууга кирген. Аккан суу кадимкидей тосулуп, бир убакта айкырык-кыйкырык чыгып, үрккөн элдин жарымы сууга акты дейт. Эртеси ал чоң эле дарыя экенин көрдүк дейт. Ошол жерде эле канча адам балыкка жем болду" деп эстеп калчу эле атам. Андан ары ашууга келгенде жардан кулаган малдын өлүгү көпүрө болуп калыптыр. Мына ошол ашууда 8-9 жаштардагы кызды төшөккө ороп таштап кетишкен экен. Алдыда кеткен көчтөн калса керек. Ал безилдеп "мени кошо ала кеткиле" деп чырылдайт дейт, же аны кошуп алган киши жок, баары эле "арттагылар алып кетишет" деп өтүп кетиптир. "Кызды ит-куш эле жеп койду го" деп эскерчү. Эл Кытайдын чек арасына келип токтогон. Ал жактан жергиликтүү эл мал-жандыктарына ээлик кылып, мал сурап, кыз сурап кыргыздардын айласын кетириптир.

Кытайдын Турпан деген жеринде бир жылча туруп калганда “Ысык-Көлгө жол ачылыптыр”, “уруксат бериптир” деген кептер тараган. Энелер кетебиз деген эркектерди тыйып, "атып салышат" деп жиберген эмес экен. Аял аттуулар кыздарды ээрчитип, эркектерин тукум уласын деп калтырып, өздөрү Ысык-Көлгө жөнөп кетишкен. Жолду катар малдын өлүгүнөн дагы адамдын сөөгү көп болгонун, жолдогу иттер адам этин жей берип карышкыр болуп калганын айтышчу экен".

Мыктыбек аксакалдын айтымында, ошентип атасын Кытайдан таякеси аткезчилерге кошуп алып чек арадан өтүп, Караколго алып келген.

Боштондук күрөшү, колониалдык режимдин кыргыны
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:29 0:00

Өтмүштү эстеткен эстеликтер

Кыргызстанда тарыхчылар, активисттер, Үркүн курмандыктарынын урпактары өткөн тарыхты эстен чыгарбоого чакырып, изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, эстелик таштарды орнотууну жыл сайын демилгелеп, коңгуроо кагып келишет.

Үркүндүн 100 жылдыгына карата кыргыз бийлиги тарабынан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшкө жана Улуу Үркүнгө арналып эстелик тургузулган.

Кыргызстан, "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси, Үркүнгө арналган эстелик.
Кыргызстан, "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси, Үркүнгө арналган эстелик.

Ушул эле жылы мамлекет тарабынан Каракол шаарындагы Жеңиш паркында да "Үркүн-1916" аталышындагы эстелик орнотулган.

Каракол шаарынын Жеңиш паркындагы “Үркүн-1916” эстелиги .
Каракол шаарынын Жеңиш паркындагы “Үркүн-1916” эстелиги .

Ал эми 2006-жылы Боом капчыгайында “Үркүн Ордо” эстелиги тургузулган болчу.

Өткөн тарыхты эстеп туруу үчүн Улуу Үркүндү көргөн элдин урпагы өздөрү да таш эстеликтерди койгон жайы арбын.

Маселен, Жогорку Нарын аймагындагы Сөөк ашуусунан Калча уулу Кадырдын ташы (эл ичиндеги маалыматка караганда ал 18 жашында 3 күн бою падышанын аскерлерин өткөрбөй, кыргыздарды Кытайга качырган) деп аталган эстелик ташы бар эле.

2006-жылы Кадырдын небереси Жолдошбек бул жерге таш орнотуп, 2016-жылы эстелик тургузган.

Үркүн курмандыгы болгон Калча уулу Кадырга орнотулган эстелик.
Үркүн курмандыгы болгон Калча уулу Кадырга орнотулган эстелик.

Ошондой эле Тоң районунун аймагында "Кырк шейит", Туура-Суу айылында "Шейиттер" көрүстөнү эл тарабынан орнотулган.

Туура-Суу айылындагы "Шейиттер" көрүстөнү.
Туура-Суу айылындагы "Шейиттер" көрүстөнү.

“Кыргыз Эл” коомдук бирикмеси 2011-12-жылдар аралыгы Түп районунун кире беришине жана Сан-Таш коргонунун жанына эки таш эстелик орноткон.

Түп районунун кире беришиндеги таш эстелик.
Түп районунун кире беришиндеги таш эстелик.

Мындан сырткары да өлкө аймагында Үркүн курмандыктарына арналган бир канча эстеликтер бар.

"Тарыхый эс-тутум дагы эле бурмаланып жатат"

Тарыхчы Гүлзат Алагөз кызы мамлекет койгон эстеликтер менен эл орноткон эстеликтердин айырмачылыгын кеп кылып, алардын маани-маңызы тууралуу буларды айтты:

Гүлзат Алагөз кызы.
Гүлзат Алагөз кызы.

“Биз 2022-жылы август айында Үркүндү эскерүү жөө жүрүшүнө катыштык. Ысык-Көлдүн тегерегиндеги бүт айылдарды кыдырганда айыл тургундары, жергиликтүү эл тарабынан дээрлик ар бир айылга эстеликтердин коюлганы мен үчүн чоң ачылыш болду. Ал жерлерге мамлекет койгон эмес, эл өзү койгон. Мамлекет "Ата-Бейитке" Үркүндүн эстелигин тургузду. Эс-тутумда эки тарап болот: кылмышкерлер жана жабыркагандар. Мамлекет тарабынан курулган Үркүндүн эстелигинин барельефин карап көрсөңүздөр, бул трагедиялуу тарыхый окуя абдан бурмаланган. Барельеф эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө кыргыздардын качып баратканы чагылдырылган, бирок кууп бараткандар көрсөтүлбөй калган. Ал эми экинчи бөлүгүндө электр жарыгынын пайда болушу, китеп кармаган кыздын сүрөтү, трактордун келиши сыяктуу көрүнүштөр менен кыргыздардын кайра кайтып келип бактылуу жашай баштаганы баяндалган. Андагы кыздын же трактордун Үркүнгө кандай байланышы бар деп ойлоносуң. Демек, тарыхый эс-тутумду дагы эле бурмалап жатат. Ал эми элдин өзү тургузган эстеликтер такыр башка маанини камтыйт.”

"СССР доорунда бул темага мамиле жакшы болуп, терең изилдөөлөр болгон. Бирок кийин 1960-жылдары кайра тыюу салына да баштаган. Эгемендик жылдары мамиле өзгөрүп, иликтөө иштери жанданды. Атамбаев президент учурунда Үркүндүн 100 жылдыгына Путиндин келип эстеликке гүл коюшу - бул Үркүн темасына чектөө анча коюлбай калды дегенди билдирет. Мындан 20 жылдай мурун өкмөттүн токтому чыгып, Ажардын эстелигин тургузуу маселеси көтөрүлгөн. Ал үчүн Боом капчыгайынан жер караштырылган. Бирок эстелик коюлбай калды. Биз ошол жерге (Кубакыга бурулуштагы үч кошкон жерге) Бедел жактан табылган жаш кыздын сөөгүн жашырганбыз. Ажардын элеси тургузулат деп, таш белги койгонбуз. 7-8 жыл мурун ошол ташты жаңыртып койдук.Үркүндүн 100 жылдыгында бир топ жерге таш эстеликтер коюлган. Үркүндү эскергенде, эң башкысы, эгемендик алган элдин эркиндигинин кунун, маанисин билишибиз керек. Бул жөн жерден келген жок. Элдин башынан кандай гана кыргын өтүп, 250-300 миңдей адам кырылган. Бул курмандыктардын кийинки жетишкен эгемендик доор үчүн мааниси зор. Ошон үчүн бул кымбатка түштү да", -дейт коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев .

Тарыхчы Элери Битикчи эс тутум азыр тарыхтан кандай сабактарды алуу керектигин да үйрөтөрүн белгилейт.

Элери Битикчи.
Элери Битикчи.

"Эс тутум - бул бир гана өткөндү эскерүү эмес. Мисалы, киши колун күйгүзүп алганда, оттон кантип сактануу керектигин эстеп калат. Демек, эс тутум келечекте жасай турган иштерди да эске алууну камтыйт. Эс тутум азыр тарыхтан кандай сабактарды алуу керектигин да үйрөтөт. Айталы, ошол эле Европадагы Холокостту эскерүү – бул улуттук азчылыктарга кандай мамиле жасаш керек, эмне үчүн адам укуктары демократиядан (көпчүлүктүн бийлигинен) да өйдө туруш керек деген мааниде эскерилип жатат. Ошондой эле Үркүн – бул кыргыз элинин эң кайгылуу тарыхый окуялардын бири. Эл аёосуз кырылып, өз жеринен ажырап калган. Эми биз тарыхтан сабактарды алып, өз эркиндигибизди кантип сактап калууну, чоң дөөлөттөрдүн оюнчугу болбой, саясатты кандай жүргүзүп, ай балтаны эмне үчүн ала жүрүштү ойлонуу керек".

Совет доорунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.

Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийин август айынын биринчи жума күнү Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган. Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.

2017-жылы "Азаттык" радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган "Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын" деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG