Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

“1916: Улуу боштондук көтөрүлүш ар дайым эл эсинде” түрмөгү. 1-макала. 75 жылдык жана 100 жылдык мааракелер


Көлдөгү Кырк-Шейит жергесиндеги талаада 1916-жылкы көтөрүлүш тууралуу драмалык оюн коюу учуру. Тоң району. 05.8.2016.
Көлдөгү Кырк-Шейит жергесиндеги талаада 1916-жылкы көтөрүлүш тууралуу драмалык оюн коюу учуру. Тоң району. 05.8.2016.

1916-жылы бабаларыбыздын Борбордук Азияны жана анын ичинде Кыргызстанды эгемендикке жеткирүү максатында улуттук боштондук көтөрүлүшкө чыгышы, бул көтөрүлүштүн катышуучуларынын жана карапайым калайыктын падышалык Орусиянын жазалоочу аскерлери тарабынан ырайымсыз түрдө жазаланышы, калайыктын бир бөлүгүнүн аргасыздан Кыргызстандын түндүгүнөн жана Жети-Суудан Батыш Кытайга журт которуусу менен байланыштуу Улуу Үркүн окуялары – мындан жүз жыл илгери тарыхыбызда орун алган орчун окуялар. Тарыхчынын түрмөк катары сунуштаган блогу.

1991-жылдан тартып Кыргызстандын жарандык коому жана расмий бийликтери 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн мааракелик окуяларын өзгөчө белгилеп, көтөрүлүш басылгандан кийинки Улуу Үркүндөгү курмандыктарды эскерүү чараларын расмий өткөрүп келишет.

75 жылдык

“Кыргызстан” демократиялык кыймылы (КДК), “Ашар” козголушу жана башка уюмдар жана жарандык коомдун кеңири чөйрөсү “Өмүр көчү – 75” жүрүшүн 1991-жылы жайында (Кыргызстан ал кезде СССРден толук чыккандыгы тууралуу расмий жарыялай элек болчу) өткөрүүгө белендене баштаган. Бул жүрүш 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш менен Улуу Үркүндүн 75 жылдыгына арналган.

Бул жүрүшкө башат болгон коомдук жыйын 1991-жылы 3-июлда Чүй өрөөнүнүн Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында, ал эми ири коомдук жыйын эртеси күнү Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өткөрүлдү.

Ал жыйындарды жана “Өмүр көчү – 75” жөө жүрүшүн Кыргызстандын ошол кездеги бийликтери (президент Аскар Акаев, парламент спикери Медеткан Шеримкулов, борбордук жана жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү) колдоого алышкандыгы, орус тилдүү калайык көбүрөөк болгон шаарча жана кыштактарда ар кандай чагымчыл окуя болуп кетпесин үчүн атайын милиция өкүлдөрү коштоп жүргөндүгү эсте.

Ушул маанилүү жүрүштү колдогон ошондой милиция кызматкерлеринин бири – орус тектүү милиция офицери Виктор Викторович Черноморец анын катышуучуларын коштоп, Бишкектен Балыкчы шаарына чейин чогуу жөө жүргөн.

Албетте, айрым эскичил кыргыз коммунисттери (анын ичинде тарыхчы Жеңиш Жунушалиев ж.б.) Улуу Үркүндүн 75 жылдыгын расмий белгилөөгө каршы чыгышып, бул көтөрүлүштүн өзү саясий катачылык болгон деп чыгышканына карабастан, жалпы кыргыз коомчулугу дал ушул жүрүшкө жана башка эскерүү чараларына ырааттуу көмөк кылышкан.

Көтөрүлүш менен Улуу Үркүндүн 75 жылдыгы татыктуу белгиленген. Түштүк чыгышында Бедел ашуусуна жана түштүгүндө (Кочкордон ары автобус менен) Торугарт ашуусуна чейин жүрүш жасаган КДКчылар жана “ашарчылар” жетектеген топтор акыры Каракол шаарында жыйынтыктоочу коомдук эскерүү жыйынын өткөрүшкөн.

(Мындай коомдук иш-чараны СССРде 1936–1990-жылдары өткөрүү түшкө да кирмек эмес).

100 жылдык

Бул олуттуу тарыхый окуялардын 100 жылдык мааракеси башка борбордук азиялык жумурияттарга салыштырмалуу Кыргызстанда алда канча эркин жана кеңири белгиленди.

Кыргыз Республикасынын ошол кездеги президенти А.Атамбаевдин 2015-жылдын 30-декабрында кол койгон жарлыгына ылайык, 2016-жыл Кыргыз Республикасында “Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланды. Анда 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналган иш чараларга өзгөчө маани бериле тургандыгы баса белгиленген.

Андан саал мурдараак, 2015-жылдын 27-майында, Президент А.Атамбаев “1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө” аттуу жарлыкка кол койгон эл. Мында “Үркүндүн жүрүшүндө набыт болгондордун жаркын элесин түбөлүккө сактоо жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн өлкөнүн тарыхындагы жана кыргыз мамлекетинин курулушундагы татыктуу ордун аныктоо Кыргызстан элинин ыйык милдети деп эсептелсин”, – деп айтылат.

2015-жылдын 12-августунда Президент А.Атамбаев кол койгон “1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жаркын элесине арналган мемориал жөнүндөгү” жарлыкта болсо: “Жүз миңдеген адам курман болгон 1916-жылдагы окуялар тарыхыбыздын урунттуу, бурулуш учуру болуп калды. Улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө жана андан кийин болгон Үркүндө курман болгондор Кыргызстан элинин мамлекеттүүлүктү түптөөгө умтулуп курман болгон инсандары менен бир катарда турушу керек. Алардын жаркын элесине арналган мемориалды "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин аймагында орнотуу комплексти өнүктүрүүдөгү мыйзам ченемдүү иш болуп калат. Бул мемориал 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө мааниге ээ экендигин билдирет”, - деп көрсөтүлгөн.

100 жылдык маараке Кыргызстанда мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде белгиленди

1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш менен Улуу Үркүндүн 100 жылдыгы Кыргызстанда 2016-жылы расмий түрдө жана кеңири белгилениши – Кыргызстандын бийликтеринин жана жарандык коомунун зор саясий эркти көрсөткөндүгүнүн мөмөсү болду.

Кыргызстандагы оппозициячыл маанайдагы жана башка кыймылдардын бул окуяны ачык-айкын талдаган эркин коомдук жыйындары дээрлик ар дубандагы эл аралык илимий жыйындар менен коштолду. Маселен, мындай ири илимий жыйындар Баткен мамлекеттик университетинде, Ош мамлекеттик университетинде жана Жалал-Абат мамлекеттик университетинде да өткөрүлдү. Аларга президенттик аппаратка караштуу “Мурас” фонду, ар кыл илимий мекемелер жана жергиликтүү бийликтер ырааттуу көмөк көрсөтүштү.

2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын жана Донбасстын айрым бөлүктөрүн күч менен каратып алган Орусия бийлиги Кыргызстандагы бул 100 жылдык маараке чараларына аяр мамиле кылып жатты. Маселен, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси А.А.Крутько 2015-жылдын 25-декабрында атайын белгилегендей, бүгүнкү демократиялык Орусия Федерациясы 1916-жылкы окуялар жаатындагы Кыргызстандагы мааракелик чараларга колдоо көрсөттү.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жетекчилери "Ата-Бейитте". 2016.02.9
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жетекчилери "Ата-Бейитте". 2016.02.9

“Ата-Бейит” эскерүү жайындагы чаралар

2016-жылдын аяк оона (сентябр) айынын 2синде Бишкектин түштүк-чыгышындагы Чоң-Таш айылына жакын “Ата-Бейит” эскерүү жайында 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн каармандарына жана Улуу Үркүндөгү шейит кеткен бабаларга багышталып тургузулган жаңы эстеликти ачуу аземи болду.

Бул салтанаттуу жөрөлгөгө ошол кездеги бийлик жетекчилери – президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева жана кеңири коомчулук өкүлдөрү катышып, жаңы эстеликке гүлдесте коюшту.

Салтанат маалындагы сөзүндө президент А.Атамбаев: “1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштө жана Үркүндө шейит болгондор Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөндөр менен бир катарда турушу керек”, – деп баса айтты.

Тарыхчы жана жазуучу Арслан Капай уулу (алдыда) "Ата-Бейитте". 2016.02.9
Тарыхчы жана жазуучу Арслан Капай уулу (алдыда) "Ата-Бейитте". 2016.02.9

Ал эми 2016-жылы аяк оонанын (сентябрдын) 17синде КМШ мамлекеттеринин башчыларынын мааракелик саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин чакыруусун кабыл алып, Бишкек шаарынан түштүк-чыгыштагы “Ата-Бейит” эскерүү жайына келди жана бул көрүстөндөгү жаңы эстеликке гүл койду.

"Ата-Бейиттеги" жаңы эстеликке гүл коюу аземине Армения президенти С.Саргсян жана Молдова өкмөт башчысы П.Филип да катышты.

Бул иш-чара пост-советтик Орусия Федерациясынын эли да 1916-жылы бейкүнөө курман болгондорду эскерип, тарыхый окуяны калыс баалоодо Кыргызстандын эли менен тилектеш экенин тастыктады.

Албетте, бул көтөрүлүштүн тарыхын бир беткей чагылдырууга умтулгандар да болбой койгон жок. Маселен, тарыхчы Муратбек Иманкулов жазган “Кыргызстан тарыхы” боюнча окуу китепте 1916-жылдык көтөрүлүш тарыхы апыртылып чагылдырылган деп кине коюу далаалаттары да орун алган.

2016-жылы августтун (баш оонанын) 5-6ларында Кыргызстанда “Өмүр көчү-100” автожүрүшү уюштурулду. 1916-жылкы улуу көтөрүлүштө жана Улуу Үркүндө набыт болгондорду эскерген иш-чараларына катышкандардын бир тобу. Бишкек. 2016.05.8
2016-жылы августтун (баш оонанын) 5-6ларында Кыргызстанда “Өмүр көчү-100” автожүрүшү уюштурулду. 1916-жылкы улуу көтөрүлүштө жана Улуу Үркүндө набыт болгондорду эскерген иш-чараларына катышкандардын бир тобу. Бишкек. 2016.05.8

Эскерүү чараларын мурдагы бардык эле президенттер колдошкон

Албетте, мурдагы президенттер Аскар Акаевге жана Алмазбек Атамбаевге бул 75 жана 100 жылдык мааракелерди өткөрүү жаатында “коомчулуктун кысымы болду беле?” деген суроо туулбай койбойт.

Коомчулук өкүлдөрү бул мааракелик чараларга алдын-ала жана ачык камдана башташкан. Демек, жарандык коомдун бийликтерге тиешелүү таасири да болгондугу анык.

1991-жылы А.Акаевдин расмий кеңешчилеринин бири болуп КДКнын беш тең төрагасынын бири, эл жазуучусу Казат Акматов иштеп жаткан. Эл жазуучулары Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков жана башкалар Улуу Үркүндү эскерүүнү толук колдоп турушкан. Антикоммунисттик коомдук уюмдар, Жогорку Кеңештеги Өмүрбек Текебаев сыяктуу депутаттар, ар дубандагы айдыңдар жана башка коомдук ишмерлер ал кездеги Ак Үйдү мааракелик чараларды өткөрүүгө чакырып, оң таасир тийгизишкен.

Cfzcfnxs Азимбек Бекназаров, 1916-жылкы кайгылуу окуяны (Үркүндү) иликтөө боюнча көз карандысыз саясий-коомдук комиссиянын төрагасы. Бишкектеги “Достук” конок үйүнүн жыйын залында. 2015.11.11
Cfzcfnxs Азимбек Бекназаров, 1916-жылкы кайгылуу окуяны (Үркүндү) иликтөө боюнча көз карандысыз саясий-коомдук комиссиянын төрагасы. Бишкектеги “Достук” конок үйүнүн жыйын залында. 2015.11.11

2015–2016-жылдары А.Атамбаев жана анын бийликтеги үзөңгүлөштөрү (бөлүм башчы Мира Аскер кызы Карыбаева ж.б.) менен Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев, мурдагы КДКнын башка бир тең төрагасы, философия илимдеринин кандидаты Топчубек Тургуналиев, Кыргызстандын Президентине караштуу Кыргызстандын тарыхын өнүктүрүү боюнча комиссиянын (Т.Кененсариев, Т.Өмүрбеков, К.Молдокасымов сыяктуу) тарыхчы өкүлдөрү байма-бай баарлашкан. Оппозициячыл саясатчы Азимбек Бекназаров да атаандаш илимий-коомдук жыйындардын демилгечиси жана уюштуруучусу болгон. Кыргыз медиасы кеңири чагылдырган бул коомдук маанай Ак Үйгө тиешелүү таасир кылган чыгар.

Ошого карабастан, мурдагы президенттер А.Акаев, К.Бакиев, Р.Отунбаева, А.Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков өздөрү деле жекече атуулдук сезими жана саясий эрки менен 1916-жылдагы тарыхый окуяларга байланыштуу ар кыл жылдардагы мааракелик эскерүү чараларын колдоого барышкан деп бүтүм кылууга толук болот.

Нурсултан Назарбаевдин туруму

Салыштырсак, Улуу Үркүндү коңшу Казакстандын бир катар чөлкөмдөрү да баштан кечирген. Казактардын айрым топтору Батыш Кытайдагы Кулжа жана Жуңгария аймактары түгүл, Чыгыш Иранга чейин үркүшкөн. Бирок ал кездеги президент Нурсултан Назарбаев 1991-жылы да, 2016-жылы да 1916-жылкы падышалыкка каршы көтөрүлүштүн баатырларын жана кыргын курмандыктарын эскерүүгө багытталган эч кандай коомдук демилгени ачык колдоого алган эмес. Бул тууралуу казакстандык тарыхчылар өздөрү 2016-жылы Бишкектеги ж.б. илимий жыйындар маалында кейип айтып жатышты.

Ал түгүл Н.Назарбаев Бишкекке келээрин келип алып, бирок 2016-жылдын 17-сентябрындагы “Ата Бейиттеги” эскерүү чараларына катышпай койгону эсте.

Бул окуя тууралуу саясатчы, Социал-демократтар партиясынын азыркы төрагасы Темирлан Султанбековдун маалыматына таянып, казакстандык басылмалар да баяндап чыгышкан:

…Путин мемориалға баруға жиналып жатқанда оның жолын Қазақстанның Тұңғыш-президенті кес-кестеген.

«Ата-бейітке барма, бұл антиресейлік іс-шара» деп азғыра бастаған.

«Қазақстанда мұндай рәсімді Ресейге сыйластық сақтап өткізген жоқпыз. Егер мен бейіт басына барсам қазақтар мұнымды түсінбейді, себебі біз мұндай жарлық шығарған жоқпыз. Атамбаев нағыз «националист», ұлт араздықты қоздырып отыр…», – дейді Назарбаев.

Сұлтановтың (Т.Султанбековдун. – Т.Ч.) айтуынша Назарбаев мұның бәрін Атамбаевтың көзінше айтқан. Мұны естігенде қырғыз басшысының ашуы терісіне сыймай, «арс..» ете қалған.

«Мұндай мемориал орнатқың келсе, кім қолыңды қақты? Сенің жасыңдағы адам Құдайдан қорқуы керек!», – деп жауап қатыпты Атамбаев.

Екі президенттің арпылдасып тұрған біраз бақылған Путин аз-кем ойланып тұрып, ақыры Атамбаевтың соңынан ілесіпті…

[Булак: Бықай, Думан. Атамбаев пен Назарбаев неге араздасты? Қырғыз саясаткері конфликтінің мән-жайын айтты // dalanews.kz. – 17.2.2022. (Бул текстти аңдоого толук мүмкүн болгондуктан, аны казак тилинде эле бердик. – Т.Ч.). ]

2016-жылдын баш оона жана аяк оона айларында кыргызстандыктар "Ата-Бейиттеги" 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналган эскерүү жөрөлгөлөрүнө президенттер А.Атамбаев, В.Путин, Г.Саргсян жана премьер-министр П.Филип катышты. (Ал эми президенттер Н.Назарбаев менен Э.Рахмон бул эскерүү аземине катышкан жок). 2016.17.9
2016-жылдын баш оона жана аяк оона айларында кыргызстандыктар "Ата-Бейиттеги" 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналган эскерүү жөрөлгөлөрүнө президенттер А.Атамбаев, В.Путин, Г.Саргсян жана премьер-министр П.Филип катышты. (Ал эми президенттер Н.Назарбаев менен Э.Рахмон бул эскерүү аземине катышкан жок). 2016.17.9

Эми саясатчы Темирлан Султанбековдун өзүнүн “Фейсбуктагы” барагында жазган сөзүнө конок берели (учурда бул коомдук ишмер эл аралык Социалисттик Интернационал уюмунун вице-президенттеринин бири катары иш алып барууда):

...Окумуштуулар, интеллигенция, коңшу мамлекеттердин элдердин кеңири катмары буга өз өлкөлөрүндө жетише алган эмес, мисалы, Казакстанда, кээ биринде, мисалы, Өзбекстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, алар аракет кылышкан да эмес. Падышалык режимдин кылычы 1916-жылы биздин ата-бабаларыбызга окшоп бүт Борбор Азиянын мамлекеттерин басып өткөн болсо да. Мисалы, Ислам Каримов ШОСтун (ШКУнун. – Т.Ч.) саммити убагында өткөрүлгөн эки тараптуу жолугушууда Алмазбек Атамбаевге “бул трагедияны эскерүүгө Кремль каршы жана Путин мындай мемориалга эч качан барбайт” деп айткан.

Албетте, орус жетекчилигин ынандыруу кыйын болду, бирок ошентсе да ошол жылдардагы бийлик муну жасай алды.

Ал эми 2016-жылдын 17-сентябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин баш болгон мамлекет башчылары мамлекеттик резиденциядагы боз үйдүн жанында чогулуп, 1916-жылдын мемориалына гүл коюу үчүн кетмек болушкан.

Бирок күтүлбөгөн жерден Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Владимир Путинди колунан кармап, “Ата-Бейитке” барбоого көндүрө баштады. Анын айтымында, мындай иш чара орустарга каршы багытталган, Атамбаев болсо – “улутчул, түпкү максаты – элдердин арасына чок салуу” экен. Кыргызстандан башка бир да мамлекет бул трагедиянын жүз жылдыгын расмий эскербегенин баса белгиледи казак президенти. Атамбаев болсо адаттагыдай курч жооп кайтарып: “Назарбаевдин жашында Кудайдан гана коркуш керек, курман болгон ата-бабаларды сыйлаш керек!” – деген сөздөрдү айтты. Путин болсо эки президенттин талашын бир да сөз сүйлөбөй угуп турду.

Натыйжада Россия президенти Атамбаевге ынанып, аны менен чогуу Ата-Бейитке гүл койгону кетти. Ал эми Назарбаев дароо аэропортко жөнөп, ал жерден Казакстанга учуп кетти...

Иш-чарадан кийин Путин Алмазбек Атамбаевдин алтымыш жылдыгын белгилөөгө анын Кой-Таш айылындагы үйүнө барды...”

[Булак: Темирлан Султанбековдун “Фейсбуктагы” барагы. – 07.2.2022. ]

“Кыргыз Тарых Коому” барагы бул маалыматты андан ары шардана кылды.

Дегиңкиси, 1916-жылдагы көтөрүлүш тарыхынын мааракелерин мындан ары белгилөөдө жалпы Борбордук Азия жумурияттары өз ара кызматташуусу керектиги айдан ачык.

Жалпысынан, 1916-жылдагы ири улуттук боштондук көтөрүлүш менен Улуу Үркүндүн 75 жылдыгына жана 100 жылдыгына арналган 1991-жылдагы жана 2016-жылдагы мааракелик окуялар мамлекеттик эгемендик үчүн күрөштүн каармандарынын ишмердиги жана алааматтуу кыргындын кайгысы коштолгон доор улут эстутумунан эч качан чыкпай тургандыгын таасын көрсөттү.

Быйыл да эскерүү чаралары өткөрүлөт

Азыркы таптагы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун ата-бабасынын тагдыры да түздөн-түз 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Улуу Үркүн окуялары менен байланыштуу. Анын кеңешчилеринин бири Арслан Капай уулу 1916-жылдагы көтөрүлүш тарыхы боюнча “Мисмилдирик” романын жазган.

Демек, азыркы саясий бийлик ээси да мурдагы президенттердин жолун жолдоп, ар жылы 1916-жылкы боштондук көтөрүлүш менен Улуу Үркүндүн жылдыктарын атайын эскерүү чаралары менен өткөрүүгө белсенет ко деген үмүт бар. Албетте, жылкы сойбой (ыксыз чыгымдарга барбастан) туруп, коомдук эскерүү чараларын байсалдуу уюштуруунун түркүн ыкмалары бар эмеспи.

Кыргызстандагы “Эсимде” изилдөө аянтчасы жана аны колдоого алып жаткан жарандар кезектеги эскерүү жүрүшүн 2023-жылы 11–12-августта уюштурган жатат.

Ал эми 2023-жылы 9-август күнү саат 18:00дө “Эсимде” изилдөө аянтчасы Бишкек шаарында “Үркүндү эскерүү тажрыйбалары” деген темада талкуу өткөрмөкчү. Бул иш-чара маалында “Үркүн бүтсүн” тасмасы көрсөтүлөт да, 1991–2023-жылдардын ичинде 1916-жылдагы көтөрүлүштү жана андан кийинки кайгылуу окуяларды эскерүү жүрүштөрү жана башка иш-чаралар жөнүндө баарлашуу өтөт.

Бул чаралар Кыргызстандагы жарандык коом быйыл дагы 1916-жылдагы каармандарды жана курман болгондорду эскерүү чараларын өткөрүү боюнча демилгелерди колго алып жаткандыгын айгинелейт.

(Түрмөктүн уландысы бар).

Редакциядан: Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG