Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Фергана өрөөнүндөгү 1916-жылдагы көтөрүлүштүн изилдениши


Падышалык аскерлердин илгерилөө багыттары. Карта.
Падышалык аскерлердин илгерилөө багыттары. Карта.

1916-жылкы Борбордук Азиядагы улуттук боштондук кыймылдын тарыхына арналган ар кыл серептер менен тааныштырууну улантабыз. Жалал-Абат мамлекеттик университетинин доценти Эрнис Авазовдун макаласында көтөрүлүштүн Фергана очокторунун тарыхнаамасы тууралуу баяндалат.

Көп улуттуу Фергана өрөөнүнүн тургундарынын тарыхый тагдырындагы урунттуу окуя катары 1916-жылдагы окуялардын айланасында оторчулук (колониялык) доордо, андан кийин советтик мезгилде изилдөөлөр жүрүп, учурдагы эгемендүүлүк доорунда чейрек кылым убактан бери улантылып келүүдө.

Соңку мезгилдерде Фергана өрөөнүндө орун алган улуттук жана чек ара маселеси боюнча орун алган конфликттер, диний экстремизм маселелери изилдөөчүлөрдү кайрадан Фергана өрөөнүнүн феноменине кайрылууга түрттү.

Бул өңүттө аталган доордогу колониялык башкарууга каршы азаттык күрөштөрүндө орун алган диний чакырыктары менен коштолушу азаттык күрөштөрүнүн түпкү маңызын ачып берүүдө талаш тартыштарды жаратууда.

Ошондой эле 1898-, 1916-жылдагы окуялар бири бири менен себеп, натыйжасыз байланыштагы көрүнүштөр катары же болбосо таптык күрөш позициясындагы тилектештик калыбында каралып келди. Дал ушундай баа берүүлөр каралып жаткан маселенин айланасында дагы изилденүүчү жагдайлар бар экендигин ырастап турат.

Падышалык доордогу тарыхнаама.

Фергана өрөөнүндөгү 1916-жылдагы көтөрүлүштүн колониялык мезгилде изилдениши өзүнүн кыска убакты камтышы жана сереп салуучулук мүнөзү менен айырмаланып турат. Колониялык бийлик өкүлдөрүнүн расмий кат алышууларында, докладдарында жана көрсөтмөлөрүндө көтөрүлүштүн чыгышынын себептери, мүнөзү, жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө алгачкы пикирлер жаралган.

Түркстандагы жер иштетүү министрлигинин чиновниги А. А. Татищев көтөрүлүштү Түркстандагы орус бийлигинин кайгылуу барактарынын бири деп эсептеп, аны толук болтурбай коюуга мүмкүндүк болгондугун белгилеген. А. Татищевдин ою боюнча катачылык мобилизация иштерин аягына чейин иштеп чыкпай, Түркстан администрациясы менен макулдашпай шашылыш түрдө жүргүзгөндүгүндө турат. Бул административдик катачылыкты осмондук агенттер пайдалануусу мүмкүн деп жоромолдогон. Алар үчүн жарлык антиорустук пропаганданы активдештирүүгө жагымдуу негиз жараткан [7, 247-248-б.].

Административдик каталык версиясы бийлик өкүлдөрүнө мүнөздүү. Түркстан администрациясы борбордук бийликти, борбордук бийлик крайлык администрацияны күнөөлөшкөн. 1916-жылдын сентябрынан Февраль революциясына чейинки Ички иштер министри А. Д. Протополов комиссияга берген көрсөтмөсүндө: “Бөтөн элдерди чакыруу бунтка алып келди же ошол крайдын элинин тиричилигинин өзгөчө шарттарын эске албай жүргүзүлдү” [4, 130-б.] -деп баа берген.

Мурдагы согуш министри Д. С. Шуваев да катачылыктар жөнүндө айткан.

Окуянын жүрүшүнө Мамлекеттик думанын депутаттары да кайдыгер карашкан эмес. Бийликтин күтүүсүз чечимдеринин акыбети жагымсыз жыйынтыктарга алып келе тургандыктары жөнүндө татаал тартыштар күчөп олтуруп курамында мусулман фракциясынан К-М. Б. Тевкелев, эмгекчилдер («Трудовик») фракциясынан А. Ф. Керенскийлерден турган комиссияны Түркстан крайына жөнөтүү чечими кабыл алынган.

Мамдума депутаттары Түркстанда 1916-жылы 15-августан 2-сентябрга чейин жүрүшкөн. Алар Ташкент, Самарканд, Жизак, Анжиян, Кокон шаарларында жана Ассаке, Тойтөбө деген айылдарда болушкан.

Анжиянда эки күн болгон учурунда депутаттар жакындаштырылган эсеп боюнча 100гө жакын кишини сурашкан. Алар доомат, петиция, арыз формасында бир топ материалдарды чогултушкан.

А. Керенский “Туркестанский курьер” газетасына интервью берген. Ал жаңы генерал-губернатордун ишине оң баа билдирген. «Ири масштабдагы баш аламандыктардын болушунун себеби эмне?» - деген суроого ал Улуу даражалуунун Жарлыгын жергиликтүү тургундарынын жана крайдагы айрым мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн туура эмес чечмелөөлөрүнөн болгон деп жооп берген.

Кыска мезгил аралыгында бул багытта атайын илимий изилдөөлөр ишке ашкан эмес. Изилдөөчүлүктүн масштабы бийлик өкүлдөрүнүн жеке байкоолору, соттук териштирүүнүн жыйынтыгында келип чыккан пикирлер, Мамлекеттик Думанын өкүлдөрүнүн Фергана областынын аймактарында жүргүзгөн сурамжылоолору, мезгилдүү басма сөз материалдарында жарыяланган маалыматтар менен чектелет. Ошондой болсо да аталган көтөрүлүш жөнүндөгү изилдөөлөрдүн башатын колониялык мезгилден башталган деп эсептөө максатка ылайык келет.

Совет доору. Алгачкы баскыч.

1916-жылдагы көтөрүлүшкө карата илимий баа берүү аракеттери советтик тарыхнаамада ХХ к. 20-30-ж. башталган. 1916-жылдагы Орто Азиядагы анын ичинде Кыргызстандагы көтөрүлүш боюнча бир катар макалаларды жазышып, анын келип чыгышынын өбөлгөлөрүн, өнүгүшүн жана социалдык мотивдери менен жеңилүүсүнүн себептерин аныктоого аракеттенишкен изилдөөчүлөр биринчи кезекте көтөрүлүштүн катышуучулары жана күбөлөрү болушкан.

1924-жылы «Новый Восток» журналынын беттеринде Турар Рыскуловдун алгачкы макаласы жарык көгөн. Т. Р. Рыскулов өзүнүн макаласынын соңунда “оорук жумуштарына алуу жалпы элдик көтөрүлүштүн шылтоосу болгондугун, ага жарым кылымдык маданий жана экономикалык эзүү жана падышачылыктын, туземдик администрациянын басмырлоолору кошул ташыл болгондугуна” токтолгон [5.].

Оорук жумуштарына алууда Фергана облусунун аскер-губернатору Гиппиустун өз билемдик аракеттери же болбосо анын ыктыярдуу принцибинин ишке ашырылышына кайрылып «Ферганада жана Түркстандын башка облустарында баары бир ушул ыктыярдуу принципке өтүштү, колунда бар таптар жумушка алуудан бошотулса, администрация жана ар кандай авантюристик элементтер жумушчуларды алуунун үстүнөн жашашып, бир эле убакта элди аёсуз тоношкон» [5.] - деп ал белгилеген.

Совет доору. Кийинки баскыч.

1916-жылдагы көтөрүлүш боюнча советтик доордогу изилдөөлөрдүн экинчи мезгили согуштан кийинки жылдарда улантылган. Айрыкча көтөрүлүштүн 30 жылдык юбилейин өткөрүүдө Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин пропаганда жана агитация бөлүмү тарабынан 1946-жылы сентябрда республикалык газеталарда көтөрүлүш тууралуу көптөгөн материалдарды жарыялаган. Кыргызстандын түштүк аймактарындагы көтөрүлүш жөнүндө Фергана областы менен бирдикте караган Я. Серыйдын «Восстание 1916 г.в Ферганской долине» аттуу макаласы [6.] жарык көргөн.

1916-жыл. Ю.Шыгаевдин чыгармаларынан. 12.02.2016.
1916-жыл. Ю.Шыгаевдин чыгармаларынан. 12.02.2016.

1960-жылдардын экинчи жарымында аталган маселе боюнча барандуу изилдөөлөрдү жүргүзгөн окумуштуу Кушбек Үсөнбаев (1928, Чүй облусу, Москва району, Чоңарык айылы – 1999, Бишкек) болгон. Анын бул багытта “Революционное движение в Киргизии накануне Октябрьской революции», “О характере восстания 1916 года в Киргизии», “Восстание 1916 года в Киргизии” [8.] - деген ж.б. эмгектери жарык көргөн.

Профессор Кушбек Үсөнбаев көтөрүлүштө эч кандай реакциялык очоктун болбогондугун, Ферганада антифеодалдык мүнөз ачык байкалгандыгына токтолгон.

1985-жылдардан тартып коомдогу айкындуулук жараяны жана плюралистик ой-пикирлердин жаралуусу тарых илиминде улуттук боштондук кыймылдарына карата жаңы көз-караштардын жаралышына келген. Ошого байланыштуу 1989-жылы Москвада,1988-1989-жылдарда Фрунзеде, 1988-1990-жылдарда Ташкентте, 1990-1991-жылдарда Алма-Атада илимий конференциялар болгон.

1987-жылы автордук жамаат тарабынан “Киргизия в трех Российских революциях” аттуу эмгек жарык көргөн. Эмгектин төртүнчү бөлүгүндө 1916-жылдагы көтөрүлүшкө арналган атайын бөлүмгө орун берилген. Авторлор окуянын мазмуну менен мүнөзүнө баа берүүгө, жыйынтыктарын ачып берүүгө аракеттенишкен. Көтөрүлүштүн жүрүшүндө элдин оорук жумуштарына баруудан баш тартуусу менен антисогуштук мүнөз байкалгандыгы белгиленген. Эскерте кетсек окуянын мүнөзүнө мындай баа берүү болгону менен «антисогуштук» деген термин мурдагы изилдөөлөрдө учурабайт. Көтөрүлүш катаал колониялык саясатты жараткан аскердик-феодалдык имперализмге каршы багытталгандыгы, көтөрүлүшчүлөр жек көрүндү болгон падышачылык самодержавияга, ошондой эле аны менен биргеликте жергиликтүү эксплуататорлорго каршы чыгышкандыктарын көрсөтүшкөн. Ошондой эле көтөрүлүш интернационалдык мүнөздө болуп кыргыз жана орус эмгекчилеринин тилектештигин айрым учурларда көтөрүлүштүн жетекчилери болушкан бай-манаптардын жана падыша бийликтеринин улут аралык кастыкты тутантуу боюнча чакырыктары да буза албагандыгы айтылган. Жыйынтыгында “Кыргызстандагы 1916-жылдагы көтөрүлүш өзүнүн саясий мазмуну боюнча антисогуштук, антиимпералистик жана айрым учурларда антифеодалдык мүнөздө болгон” [3, 154-б.] - деген тыянак чыгарылган. Албетте антифеодалдык чыгуу катары Фергана өрөөнүндөгү элдин бийлик өкүлдөрүнө каршы чыгуулары капарга алынгандыгын танууга болбойт.

Жыйынтыктап айтканда, изилдөөлөрдөн маалым болгондой, советтик тарыхнааманын калыптануу жана башталгыч этабына Түркстандагы падышачылык администрациянын ишмердүүлүгүнө карата терс пикирлердин үстөмдүк кылуусу мүнөздүү. Анын жакынкы себеби крайды экономикалык эзүү менен элдик боштондук күрөштөрүн басуудагы карательдик саясатка басым жасоого байланыштуу экендиги талашсыз. Бирок, кийинки этаптарда ошол учурдагы саясий-идеологиялык коньюктураларга жараша бир беткей эмес баа берүүлөр орун алгандыгын көрүүгө болот. Кандай болгон учурда да аталган маселени изилдөө жана ага карата баа берүүлөр тарых жана коомдук илимдерге коюлган талаптарга ылайык изилденүүсү улантыла берген.

Советтик тарыхнаамада 1916-жылдагы көтөрүлүштүн Фергана өрөөнүндө жүрүшү дээрлик атайын изилдөөнүн предмети болгон эмес, болгону фрагментардык түрдө Түркстандагы көтөрүлүштү ачып берүүдө чагылдырылган. Көпчүлүк тарыхчылар көтөрүлүштүн антифеодалдык мүнөзүн чагылдырууга басым жасашкан. Каралып жаткан маселенин алкагында “элдик боштондук кыймыл”, “антимпериалистик”, “антисогуштук”, “антифеодалдык көтөрүлүш”, “диний” же “улуттук кыймыл” деген баа берүүлөр аталган окуянын айланасында канчалык деңгээлде талаш маселелер бар экендигинен кабар берет.

Эгемендик доордогу тарыхнаама.

Изилдөөнүн кийинки этабы 1991-жылдан башталган эгемендүүлүк дооруна туура келип, бүгүнкү күнгө чейинки изилдөөлөрдү камтыйт.

Эгемендүүлүк жылдарында тарых илиминде улуттук тарыхнааманын калыптануусу менен көз караштарда кардиналдуу өзгөрүүлөр башталган. Мындай көрүнүш коңшу мамлекеттердин тарых илимиине да мүнөздүү. Советтик мезгилден баштап бул маселелерди изилдөөнүн көч башында келген К.Үсөнбаевдин «Народные движения Средней Азии в XIX веке (по материалам Кыргызстана)» [9.] аттуу көлөмдүү эмгеги орус тилинде 1998-жылы жарыкка чыккан. Эмгекте көтөрүлүштүн Ош уездинде жүрүшү кыскача баян этилген. Мында автор көтөрүлүштүн антифеодалдык мүнөзү жана кыймылдаткыч күчү калктын жакыр катмарлары болгондугу тууралуу мурдагы көз караштарын жаңы шарттарда бекемдеген. Аталган пикирлерди улай эгемендик доордо бул окуялар боюнча реалдуу жаңы көз караштар бир топ изилдөөчүлөр тарабынан айтылып келүүдө.

Аталган маселеге кайрылган ОшМУнун окумуштуусу Т. Жаркынбаев тарабынан Фергана өрөөнүндөгү 1916-жылдагы көтөрүлүштүн тарыхый өбөлгөлөрү катары падышачылыктын оторчулук саясатынын ишке ашыруудагы карама каршылыктардын бышып жетилгендиги белгилеген [2, 58-62.].

2008-жылы профессор Т. Кененсариевдин жетекчилиги алдында Б. М. Ураимов «1900-1916-жылдардагы Кыргызстандын түштүгүндөгү азаттык кыймылдар» деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. Автор жаңы хронологиялык алкакта боштондук күрөштөрүнө бир бүтүн жараян катары таптык позициядан оолак көз карашта баа бере алган жана боштондук кыймылдарынын Кыргызстандын түштүгүндө жүрүшүнүн аймактык өзгөчөлүктөрү жана социалдык карма каршылыктардын антиколониялдык мүнөздөгү күрөштөргө эволюциялануусун ачып көрсөтүүгө аракеттенген [10, 10-б.].

Чет элдик тарыхнаама жааты.

Мезгилдин талабына жараша постсоветтик республикаларда өз тарыхын жаңы өңүттө карап чыгуу аракеттери күч алган. Анын натыйжасында айрым учурларда тигил же бул окуяларга баа берүүдө же орток мурастарга карата мамиледе геосаясий кызыкчылыктардан жана улуттук таламдардан улам бүйүр кызыткан дискуссиялар болуп жаткандыгы да тегин жеринен эмес. Ошондой эле анын түрдүү аспектилери чет өлкөлүк, анын ичинде Орусиялык окумуштуулардын да кызыгууларын жаратып келе жатат.

Профессор Сергей Абашин.
Профессор Сергей Абашин.

Петербургдагы Европалык университеттин профессору, тарых илимдеринин доктору улутчулдук жана этникалык иденттүүлүк, ислам, миграция антропологиясы боюнча белгилүү адистердин бири Сергей Абашин StanRadar.com сайтынын кабарчысына берген интервьюсунда 1916-жылдагы көтөрүлүш боюнча буга чейин атайын изилдөөлөрдү жүргүзбөгөндүгүн, бирок Орусия империясынын жана советтик тарыхта да бул дата учурагандыгы аны бул маселеге кайрылууга түрткөндүгү белгилеп келип:

Көпчүлүк башка адистердей эле 1916-жылдагы көтөрүлүш эң татаал жана көп көп пландуу кубулуш болгондугун айта аламын. Ал тигил же бул даражада Борбордук Азиянын бардык региондоруна таасир эткен стихиялуу айрым жерлерде бир топ уюшулган локалдуу баш аламандыктардын тизиминен турат. Мындан улам биз алардын ар биринен кандайдыр бир жалпы шарттарды жана конкреттүү контексти көрүүбүз абзел” - деп белгилеген [1.].

Автор 1916-жылдагы көтөрүлүшкө алып келген жалпы факторлордун катарына тили, дини, маданий салттары боюнча өөн, тышкаркы жана дээрлик үстөмдүк кылган, аскердик кубаттуулукка, күчкө негизделген Орусиялык империялык бийликтин колониялык турпатын кошууга боло тургандыгына токтолгон. Андан ары ал:

«Бул дегендик орусиялык бийлик ар дайым жергиликтүү элге зыян гана кылып, анын кызыкчылыктарын эске алган эмес, жергиликтүү тургундарды башкаруунун ар кандай формаларын тарткан эмес дегенди билдирбейт. Ар кандай колониялык бийлик айрым бир тең салмактуулукту сактап турууга кызыкдар, бирок аны менен колониялык болуудан жана кырдаалды өз көз карашында кароодон ажырап калбайт. Дал ушул тең салмактуулук Николай II нин оорук жумуштарына жергиликтүү тургундарын алуу боюнча жарлыгы чыкканда бузулган. Бир учурда бул колониялык жана аскердик чиновниктердин бири бирине тике карама каршы туруусу болду.

Башка көптөгөн учурларда жергиликтүү жаматтардын ичинде алсак болуштар, айыл кыштактын ыстарчындары, элүү башылар жана алардын айланасындагылардан турган артыкчылыктуу топтор менен башка артыкчылыгы жок топтордун ортосунда конфликттер уланган. Башка учурларда бул Орусия империясынын башка аймактарынан келишкен келгиндер жашаган көчмөн региондорго таандык болуп, жаңжалдар жамааттар аралык кагылышууларга өсүп жеткен”, - деп жыйынтыктаган. [1.]

Ферганадагы айырмалуу жагдайлар

Аталган өрөөндө көтөрүлүштүн жүрүшү жана жыйынтыктары айрым бөтөнчөлүктөргө ээ болуусу менен айырмаланат. Шаарларда жана калктуу пункттарда, отурукташкан калктар басымдуулук кылган аймактарга оорук жумуштарына алуу жөнүндөгү тизмелерге каттоодогу махинацияга каршы чыгуулар мүнөздүү.

Колониялык доордун тээ башынан тарта боло келген көтөрүлүштөрдөн айырмаланып, окуянын жүрүшүндө туземдик администрациянын өкүлдөрү болушкан болуштар, ыстарчындар, элүү башылар ж.б. уруп токмоктоп, өлтүрүшкөн учурлары көп кезигет. Бул дегендик көтөрүлүшкө советтик тарыхнаамада үстөмдүк кылып келген антифеодалдык мүнөз берүүгө жатпайт жана мындан революциялык маанайды издөөнүн да кажети жок.

Таасирдүү дин уламалары оорук жумуштарына мобилизациялоого башында каршы болушкандыгын Анжияндын Жамы мечитинде башталган нааразычылык чыгуулар айкындап турат. Бирок, бул жагдайдан улам көтөрүлүшкө панисламисттик же диний мүнөз берүүгө жатпайт.

Интелигенциянын толук калыптанбагандыгынан жана маалымдоо каражаттарынын кеңири жайылбагандыгынан, караламан калктын караманча кабарсыздыгынан улам маалыматтар жана жаңылыктар мечиттерде көпчүлүккө маалым болгон жана диний уламалар ал маалыматтарды өз дареметтерине жараша элге түшүндүрүшкөн. Мындай шартта көтөрүлүш диний нукка бурулуп кетиши толук мүмкүн болчу, бирок андай болгон жок. Тескерисинче, окуянын жүрүшүндө дин өкүлдөрү үгүт иштерине тартылуу менен орус бийликтери отурукташкан калктын өкүлдөрүнөн мардикерлердин алгачкы ыктыярдуу топторун түзүүгө жетишишкен.

Көтөрүлүш учурунда туземдик администрацияга тартылышкан айрым феодалдар гана жабыр тартышкан. Ал эми Кокон хандыгы учурундагыдай өз артыкчылыктарын (привилегияларын) кайтарып алууну каалашкан феодалдык таптын өкүлдөрү көтөрүлүштү тымызын колдошкон. Таптык өңүттөн алып карганда деле калктын бардар катмарлары бир позицияда болгон эмес. Андыктан көтөрүлүштө антифеодалдык мүнөздүн үстөмдүк кылуусу мүмкүн эмес.

Түркстандын көпчүлүк аймактарындай эле көтөрүлүш стихиялуу мүнөзгө ээ. Көтөрүлүш формасы жана мүнөзү боюнча отурукташкан аймактарда жана көчмөн элеттикт-тер жашаган аймактарда айырмачылыктарга ээ.

Аталган аймакта массалык үркүн болгон эмес.

Көтөрүлүш күчөп турган мезгилде көчмөн кыргыздардын көбү жайлоолордо болушкандыктан шаарларда болуп өткөн нааразычылык чыгуулардан сыртта калышкан. Алар менен келгин дыйкандардын ортосундагы чарбалык, турмуш-тиричиликке байланышкан чыр чатактар демейдегидей эле болуп турган. Бирок, көтөрүлүштүн жүрүшүндө, ал гана эмес кийинки басмачылык күрөш учурунда да, көчмөндөр менен дыйкан келгиндердин ортосунда ачык куралдуу кагылышуу орун алган эмес.

Ошентсе да, аскердик муктаждыктар үчүн аттардын тартылып алынуусу, кээ учурларда аскерлердин согуштук абалга байланыштуу мал жандыктарын күч менен тартып алуулары сыяктуу көрүнүштөр аларды да дүрбөлөңгө салган.

Көчмөн кыргыздардын айрымдарынын Кытай тарапка өтөө качууну ойлошуп жаткандыктары оторчул бийликтердин чек ара бекеттерин бекемдөөсүнө алып келген.

Абалдан кооптонушкан айрым көчмөндөр Кытайга чектеш жактарга көчүп барышкан. Бул толук мүмкүн болчу. Албетте бизде бул жөнүндө маалыматтар аз болгондуктан, муну кесе айтуу кыйын. Бирок, совет бийлигини алгачкы жылдарында жана кулакка тартуу мезгилинде Анжиян, Ош уездеринин бир топ тургундары Кашкарга качып баргандыктары маалым.

Ырайымсыз жазалоолор

Көтөрүлүштүн баштапкы очогу катары маалым болгон Фергана өрөөнүндө элдик чыгуулар аёсуз басылган.

Айрым бийлик өкүлдөрү абалдын курчуп кетишин алып келээрининен чочулашып, жазалоочу (карателдик) иш-чараларды ашкере колдонууну азайтууну талап кылышкан.

Бийликтин кээ бир билермандары көтөрүлүштү бетке тутуп, Фергана өрөөнүндүгү тынчы жок элементтерден кутулуп, өз коопсуздуктарын биротоло бекемдеп алууларын туура көрүшкөн. Анын натыйжасында крайлык бийлик менен борбордук өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтин чөйрөсүндө пикир келишпестиктер келип чыккан.

Александр Керенский.
Александр Керенский.

Түркстан жана Талаа (Степной) крайларын камтыган көтөрүлүш саясий оюндардын чордонуна айланып, Мамлекеттик думанын жабык эшиктер артындагы жыйынында каралган.

Жыйында падыша тарабынан оорукка алуу боюнча Жарлыктын Орусиянын баш мыйзамына карама каршы келгендигин айтып сындап чыккан А. Ф. Керенскийдин кийин Убактылуу Өкмөттүн башына келишинен 1916-жылдагы көтөрүлүшкө чоң саясий маани берилгендигин, “ордо оюнунун” чыныгы жүзүн көрүүгө болот.

Ооруктук иштерге тартуу

Фергана өрөөнүндө падышанын оорук жумуштарына мардикерлерди алуу боюнча жарлыгы жарым-жартылай ишке ашкан.

Жергиликтүү бийлик ээлери мажбурлоо, коркутуу жана акчага сатып алуу аркылуу мардикерлердин ыктыярдуу топторун түзүшкөн. Аны ишке ашырууга жергиликтүү таасирдүү аксакалдар, диний кызматкерлер тартылышкан. Падышачылыктын Фергана өрөөнүндөгү оорук жумуштарына алуу саясатын изилдөөдө отурукташкан калктар тууралуу маалымат кеңири берилгендигин белгилөөгө болот. Ага салыштырмалуу көчмөн кыргыздар жашаган болуштуктар тууралуу маалыматтар жокко эсе.

Ферганадагы мардикерликке алынган кыргыздардын, Анжиян жана Жалал-Абаддагы темир жол бекетинен кетишкендиктери, кийин кайрадан келишкендиктери тууралуу айрым гана маалыматтар учурайт. Биздин оюбузча бул багытта толук кандуу атайын изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл.

Чакан корутунду

1916-жылы жайында падышачылыктын оор кырдаалда акыбетин ойлобой кабыл алган чечими Түркстандагы элдердин көтөрүлүшүнө алып келип, империянын кыйрашына кошумча өбөлгө түзгөндүгүн белгилеп, анын жыйынтыктарынын тарыхый ордун тактоо иши улантылып жатат.

Эрнис Абдыманапович Авазов – тарыхчы. 07.3.2011.
Эрнис Абдыманапович Авазов – тарыхчы. 07.3.2011.

Албетте айрым окумуштуулар жана саяcатчылар белгилеп жатышкан массалык кыргын болгондугу жөнүндөгү тыянактар Фергана өрөөнүндөгү окуяларга туура келбейт.

Андыктан быйылкы мааракелик жылдагы талкууларда мурдагы изилдөөлөрдөгүдөй эле Фергана өрөөнүндөгү көтөрүлүшкө фрагментардык түрдө баа берүүлөр менен чектелбей, анын өзгөчөлүктөрүн кеңири масштабда карап чыгуу зарыл.

Фергана өрөөнүндөгү падышалык оторчул бийликтерге каршы ар кандай чыгууларды көнүмүш катары “панисламисттик” же “пантүркисттик” өңүттө баа берүүдөн жана “антифеодалдык” мүнөздө сыпаттоодон баш тартуу тарыхый чындыкты ачып берүүгө шарт түзөөрү бышык.

Авазов Эрнис,

ЖАМУнун Тарых кафедрасынын башчысы, доцент, т.и.к.

(Жалал-Абат, Кыргызстан)

Адабият тизмеси:

1. Абашин С. О внешних и внутренних причинах Среднеазиатского восстания 1916 года //.StanRadar.com /22.09.2015.

2. Жаркынбаев Т.Фергана өрөөнүндө 1916-жылкы улуттук-боштондук кыймылдын тарыхый өбөлгөлөрү // ОшМунун жарчысы. 2004.№1.58-62-б.

3. Киргизия в трех Российских революциях .Фрунзе.- Издательство “Илим”, -1987. С-154.

4. Падение царского режима. Стенографические отчеты допросов и показаний, данных в 1917 г. Чрезвычайной следственной комиссии Временного правительства. М.-Л., 1926. Т.IV. С.130.

5. Рыскулов Т. Восстание туземцев в Туркестана в 1916 году//Восстание киргизов и казахов в 1916 году. – Б.: Учкун, 1991.

6. Серый Я.Восстание 1916-г.в Ферганской долине // Национнально –освободительное восстание 1916 г в Узбекистане.-Ташкент.-1947.

7. Татищев А.А. Земли и люди.: в гуще переселенческого движения (1906-1921). М. 2001. С. 247-248.

8. Усенбаев К. Восстание 1916 г в Киргизии.-Ф., 1967.

9. Усенбаев К. Народные движения Средней Азии в XIX веке (по материалам Кыргызста-на).- Б-Ош,-1898.

10. Ураимов Б.М. 1900-1906-жылдардагы Кыргызстандын түштүгүндөгү азаттык кыймылдар. // Тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты.-Бишкек.- 2008.- 10-б.

11. Борбордук Азияны дүңгүрөткөн улуттук боштондук көтөрүлүшкө 100 жыл: 1916-жылкы көтөрүлүштүн 100 жылдык мааракесине арналган илимий жыйындардын баяндамалары, макалалар, архивдик ж.б. маалыматтар / Жооптуу ред. проф. Т.К.Чоротегин,. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 340+iv б., сүрөт. – Баткен мамлекеттик университети. - Ош мамлекеттик университети. - “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБсы. – “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү. - ISBN 978-9967-12-552-0. – Б. 43-46.

XS
SM
MD
LG