Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 10:36

ҮРКҮНДҮН 90-ЖЫЛДЫГЫН ӨТКӨРҮҮДӨ КАНДАЙ САЯСАТ БАР?


Кыргызстандын айрым саясий, коомдук уюмдары 1916-жылдагы Улуу Үркүндү Россия бийлиги кыргыздардын улуттук боштондук күрөшү катары таанып, кырылган кыргыздар үчүн кечирим сурап, компенсация төлөшү керек деп талап кылышууда. Азыркы бийлик өкүлдөрү совет заманынын жетимиш жылдан ашуун мезгилинде Россиянын Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн жасаган аракетин эстесек кечирим суроо, компенсация жөнүндө кеп кылууга мүмкүн эмес, дешет.

1916-жылдагы бул окуяны Үркүн эмес, ак падышанын аёсуз эзүүсүнө куралсыз каршы турган улуттук боштондук кыймылы катары танытууга далалаттангандарга учурда түрдүү пикирлер айтылып атат:

- Бул Үркүндү белгилөө саясатчылар өзүнө упай топтош үчүн, өзүн көрсөтүш үчүн эле жасалган. Америка менен жаман болгонубуз аз келгенсип, эми Орусия менен да жаман болобузбу - дейт болочок дипломат Умсунай Табалдиева.

"Ашар" козголушунун өкүлдөрү Үркүн маселесинин пайда болуш зарылдыгын мындайча чечмеледи:

- Биздин 1989-жылкы жер ээлеп алуу жараяны менен 1916-жылкы жерге байланышкан иш шайкеш келет. Ашардын балдары, биздин ата-бабаларыбыз дагы жер үчүн ушундай кетишкен, биз дагы айыл жеринен келген жаштар аябай кордуктарды көрүп, өзүбүздүн аракетибиз менен маселелерибизди чечип отурабыз, ушуга үндөшүп кетет экен деп демилгени биринчилерден болуп биз алып чыкканбыз, сөөктөрдү жашыруу жана эстелик тургузуу талаптары 17 жыл мурда эле коюлган, - деди Ракыя Жусупова.

"Асаба" партиясынын лидерлеринин бири Дөөлөт Нусупов болсо Үркүн маселесин козгоп радиомарафон өтүп атканда бийликтегилер бул Орусия менен болгон алакага доо кетирет деп эскертип көбү колдобой койгонун кошумчалады. Уюштуруучулар арасында коомчулук марафонго каражат берип үн кошо баштаганда гана бийлик уялганынан колдоп кеткени айың кепке айланткан. Ошондо элден 148 миң, өкмөттөн 122 миң сом чогулган. Үркүндүн 90 жылдыгын белгилөөнү тарых катары гана кабыл алыш керек, азыркы орустарды күнөөлөш туура эмес дейт:

- Европада да немистер еврейлерди кырган. Бирок, ал үчүн биз жалпы Германиянын элин күнөөлөбөйбүз. Кыргыздар тарыхын, шейит болуп кеткен арбактарды эскерсе орус менен кыргыз элинин арасында эч кандай чатак туудурбайт, - деди будапештик илимпоз Даут Шомбайкара.

Кыргыздарды өз жеринен сүрүп салып, орус элинин тарыхын даңазалаган 70 жылдык мезгилди сынга алган саясатчылар Барскоон шаркыратмасына жакын турган Гагариндин эстелигин көрүп, элге кайрылды:

- Биздин тарыхты чанып, унутуп башка элдердин тарыхын угуп калганда, башка элдердин эстеликтери туруп калганда, көбүңөр, мен да ошонун ичинде Петр-1, Емелян Пугачев, Степан Разин ким экендерин окуганбыз. Бирок, өзүбүздүн Үркүндүн ушул убака чейин тарыхый ордун, өзүбүздүн басып өткөн жолубузду айткандан уялабыз, - деп Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров Үркүн окуясын мектеп программасына киргизүү сунушун кошумчалады эле, аны "Асаба" партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева да кубаттады.

Ал эми жазуучу Бексултан Жакиев, ЭлТР каналынын жетекчиси Кадыр Кошалиев, Бакдөөлөт уюмунун өкүлү Мураталиев жана башкалар 1916-жылдагы окуяга себепкер болгон Орусия мамлекетинин кечирим сурап жана өлтүрүлгөндөрдүн кунун төлөп беришин талап кылган сунуштарын сентябрда өтүүчү конференцияга талкууга койду.

- Биз да бул ишке кайгырып атабыз, кайсы бир деңгээлде күнөөлүү болгону менен бүтүндөй орус эли жоопкер эмес. Бул тарых, аны унутууга дагы, кимдир бирөөнү күнөөлө да туура эмес - деди ленинграддык Александр Гуляев.

Үркүн окуясын саясаттыштыруу чоң ката деп эсептейт президенттин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев:

- Мен айттым, Орусия керек болсо ашыгы менен төлөдү деп. 70 жыл бою орус эли бизге ушунчалык чоң эмгек сиңирди. Кыргыз элин илимге, билимге жеткирди, мамлекет кылды. Айылдарга чейин жолубузду салып берди, канчалаган электр энергиябызды жеткирди. 70 жыл бою миллиарддаган долларын коротту, аны эсептеп келчү болсок бул бүгүнкү биздин сурай турган компенсациядан жүз деген эсе көп болуп кетип атат, - деди Чолпонбек Абыкеев.

Рита Борбукеева, Барскоон

XS
SM
MD
LG