Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

Орусиялык дагы бир офицер Литвадан башпаанек сурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын дагы бир аскер кызматкери Литвага качып барып, саясий башпаанек сурады.

"Би-Би-Синин" орус кызматы кабарлагандай, Иван Королёв артиллериялык аскер күчтөрүнүн лейтенанты. Маалыматка ылайык, Королёв Орусиядан "мамлекет баштаган кандуу согушка" катышкысы келбегендиктен качып чыкканын билдирген.

Лейтенант кабарчыга Украинадагы согушта болбогонун, бирок анын бөлүгү орус армиясын курал-жарак менен жабдып турганын айткан.

Ал 10-августта Литвага мыйзамсыз жолдор менен кирип, Вильнюста кармалган. 11-августта миграциялык борборго жеткирилген. Ал жерде башпаанек өтүнүчү каралганча кармалат.

"Би-Би-Си" лейтенант Королёвдун айткандарын тастыктоого мүмкүн болбогонун билдирди.

Июнь айында ушундай эле жол менен Литвага өтө качкан орусиялык аскердик учкуч Дмитрий Мишов да Украинадагы согушка катышууну каалабасын айтып, башпаанек сураган. Ага документтери каралганга чейин Литвада жашап турууга уруксат берилген.

Европа Биримдигиндеги өлкөлөр Украинада согуш башталгандан бери согушууну каалабаган орус жарандарына - аскер кызматкерлерине жана мобилизациядан качкандарга саясий башпаанек берүү маселесин талкуулап келет. Азырынча бул боюнча бирдиктүү пикир жок.
Германиянын бир катар министрлери аскерден качкандарга убактылуу башпаанек берүүгө болорун айтышса, Чехия, Эстония жана Латвия буга караманча каршы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG