Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:33

Евробиримдик Украинага ракета жана артиллериялык курал-жарак берди


Украин аскери немистердин "Панзерхаубитце" артиллериялык куралы менен. Бахмут, Донецк, 5-февраль, 2023-жыл
Украин аскери немистердин "Панзерхаубитце" артиллериялык куралы менен. Бахмут, Донецк, 5-февраль, 2023-жыл

Евробиримдик өлкөлөрү Украинага 200 миңден ашуун артиллериялык курал-жарак жана эки миңден ашык түрдүү типтеги ракета беришти. Бул тууралуу France Presse агенттигине биримдиктин расмий өкүлү Петер Стано маалымдады.

Жыл башында Евробиримдикте Украинага 2 миллиард евролук курал-жарак берүү планы макулдашылган. Анда украин армиясын биримдиктин өлкөлөрүндөгү курал-жарак менен камсыздоо, ошондой эле жаңы курал-жарактарга буйрутма берүү да каралган. Ага ылайык, жыл аягына чейин Украинага миллион жардыргыч зат (снаряд) берилиши керек.

Пландын биринчи этабы - февраль-май айларында курал-жарактын жарымына төлөө үчүн 1 млрд. евро бөлүнгөн. Бирок бул аралыкта курал-жаракты пландагандай өлчөмдө жеткирүү мүмкүн болгон эмес деп белгилейт France Press.

Маалыматка ылайык, ушул тапта Евробиримдик өлкөлөрү курал чыгаруучу ишкерлер менен ракеталарды жана 155 миллиметрлик снаряддарды өндүрүү боюнча келишимдин үстүндө иштеп жатышат.

Шаркетке мүчө өлкөлөр согуш башталгандан бери Украинага 30 млрд. евролук аскердик-техникалык жардам берген. АКШ июль айынын аягына карата бул максатта жалпы 44 млрд. доллар бөлгөн.

XS
SM
MD
LG