Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Лондондо үч киши Орусия үчүн тыңчылык кылууга шек саналып кармалды


Британияда Орусиянын пайдасына тыңчылык кылууга шектелип кармалган Бизер Жамбазов жана Катрин Иванова. Сүрөт качан жана кайда тартылганы белгисиз.
Британияда Орусиянын пайдасына тыңчылык кылууга шектелип кармалган Бизер Жамбазов жана Катрин Иванова. Сүрөт качан жана кайда тартылганы белгисиз.

Британияда Орусиянын пайдасына тыңчылык кылууга шек саналып Болгариянын үч жараны кармалды. Бул тууралуу «Би-Би-Си» дүйнөлүк кызматы жазды. Ишти Лондондун Олд-Бейли борбордук кылмыш соту карап жатат. Биринчи соттук жараян 2024-жылдын январь айына белгиленген.

Маалыматка караганда, бир топ жылдан бери Британияда отурукташкан Орлин Русеев, Бизер Жамбазов жана Катрин Иванова февраль айында кармалышкан.

Алардын жанынан бир канча мамлекеттин жасалма паспорттору табылган.

Болгариянын Лондондогу элчилиги жарандарынын кармалышы тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун болгар кызматынын комментарий берүү өтүнүчүнө аларда бул боюнча эч кандай маалымат жок экенин билдирди.

Ал эми Болгариянын Тышкы иштер министрлиги иш иликтенип жатканын кабарлады.

Британ полициясынын контртеррордук бөлүмү соңку кездери өзгөчө Орусиянын пайдасына тыңчылык кылуу менен алектенгендерди жана мамлекетке коркунуч келтиргендерди иликтөөгө көп убакыт кетип жатканын билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG