Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Боомдогу жол кырсыгында үч адам мерт болуп, алты киши жараат алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Торугарт жолунун Боом капчыгайындагы тилкесинде 15-августтагы жол кырсыгында үч адам набыт болду. Алты киши жараат алып ооруканага жеткирилди.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылыгын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы анда Toyota Avensis жана Mercedes Benz үлгүсүндөгү эки машина кагышканын, кырсыктын себептери жана күнөөлүү тарап иликтенип жатканын билдирди.

Нарын-Торугарт жолунун Тоң районундагы бөлүгүндө 13-августта BMW менен Audi үлгүсүндөгү машиналар сүзүшүп, сегиз киши мүрт кеткен. Алардын төртөө бир үй-бүлөдөн болгон. Дагы алты адам жараат алганы, үчөө оор абалда экени маалымдалган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, соңку алты айда үч миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 270тен ашык адам мерт болду. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырганда кеминде 8,5% өстү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG