Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:19

Индияда жер көчкү 72 адамдын өмүрүн алды


Индиянын Химачал-Прадеш штатындагы жер көчкү жүргөн аймактан жергиликтүү тургундун буюм-тайымын көтөрүп чыгып бараткан армиянын өкүлү. 14-август, 2023-жыл.
Индиянын Химачал-Прадеш штатындагы жер көчкү жүргөн аймактан жергиликтүү тургундун буюм-тайымын көтөрүп чыгып бараткан армиянын өкүлү. 14-август, 2023-жыл.

Индиянын Гималай аймагындагы Химачал-Прадеш штатында 14-августта жүргөн жер көчкүдөн мүрт кеткендердин саны 72ге жетти. Бул тууралуу расмий бийлик 17-августта билдирди. Куткаруучулар издөө иштерин улантып жатышат.

Аймакта бир жумадан бери көнөктөп жааган жаандан улам жер көчкү жүрүп, дарыялардагы суу көтөрүлүп, бир катар айыл-кыштактарды каптап кеткен.

Жүздөгөн жолдор жабык. Индиянын Метеорология кызматы нөшөр жакынкы жумада токтобой турганын эскертти.

Штаттын башкы министри Сухвиндер Сингх Сукху 2000ден ашуун жергиликтүү тургун тик учактар жана моторлуу кайыктар менен коопсуз жакка чыгарылганын билдирди.

Грузияда 3-августта жүргөн жер көчкүнүн курмандыктарынын саны отузга чамалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG