Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

Жаңы окуу жылындагы алгачкы сабактын темаларынын бири санариптештирүү болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы окуу жылынын алгачкы күнү Кыргызстандын мектептеринде окуучуларга билим, мекен, достук, үй-бүлө темалары менен катар санариптештирүү тууралуу сабактар өткөрүлөт. Бүл тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Мекеменин бүгүн 17-августта жарыялаган маалыматына караганда, башталгач класстарда биринчи сабактын темасы мекен, достук тууралуу, 5-6-класстарда санариптештирүү жана билим, 7-8-класстарда жоопкерчиликтүү үй-бүлөнүн күчтүү коомду куруудагы ролу, санарип сабаттуулук келечектин негизи экени тууралуу болот.

Ал эми 10-11-класстардын окуучулары үчүн “Туура кесипти тандаганың – ийгиликтүү келечекке жол салганың”, “Нарктуу кыргыз жараны –өлкөнүн келечеги” деген темалар коюлду.

Кыргызстан санариптештирүүгө өткөндөн тартып эки жолу атайын жылдар жарыяланган – 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы болгон. Документ алуу, толтуруу, иш кагаздары менен иштөө бара-бара электрондук форматка өтүп келе жатат. Бирок анын коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлгөн учурлар болгон. Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанда акча төлөп, каалаган адамдын жеке маалыматын билсе болот деп эсептей турганын айткан, өкмөт андай кооптонууга негиз жок экенин билдирген.

Бул жаатта мамлекеттик саясатты ыраатуу ишке ашыруу максатында эки жыл мурда Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлгөн.

Кыргызстандын 2G, 3G жана 4G байланыш технологиялары менен камсыз болушунун жалпы көрсөткүчү бүгүнкү күндө 97,9% түзөт. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, 2220 калктуу пункттун 98,8% байланыштын 2G технологиясы менен, 98% 3G жана 96,9% 4G менен камсыз болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG