Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

Бишкекте сугат суулары үчүн жаңы скважиналарды бургулоо уланып жатат


Мэрия тараткан сүрөт.
Мэрия тараткан сүрөт.

Бишкек шаардык мэриясы Профсоюз жана Нарвская көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы скважина бургуланганын билдирди. Ушул тушта Ахунбаев жана Көк-Жаңгак көчөлөрүнүн кесилишинде бургулоо уланып жатканын кабарлады.

"Борбордогу бак-дарактарды сугаруу үчүн 14 895 миң куб сугат суу алынат. Бул үчүн 23 сугат скважинасы колдонулган, алардын бешөө калыбына келтирилген. Ошондой эле узундугу 2 176 чакырым болгон ирригациялык тармактар орнотулду. "Бишкексуучарба" муниципалдык ишканасы Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы менен 43,392 миллион куб метр көлөмүндө сугат суусун 1262,640 миң сомго жеткирүү жөнүндө келишим түзгөн. Апрелден тарта Бишкек шаарынын сейил бактарында жана гүлзарларында жашыл аянттар сугарылып турат", - деп жазылган маалыматта.

Бишкекте жана анын жака-белиндеги конуштарда быйыл саратан маалында күн катуу ысып, таза суу жана сугат сууга таңкыстык жаралган.

Шаар бийлиги акыркы жылдары өзгөчө жай мезгилинде калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси турак жайларда гана эмес, бүтүндөй Бишкекте курчуп кеткенин эскерткен. Мэрия таза суу тартыштыгын эл сууну чарбалык аянттарын сугарууга жумшап жана сарамжалсыз пайдаланганына байланыштырган жана чектөө киргизген.

Суу таңкыстыгына байланыштуу нааразылык акциялары дагы өтүп, ага катышкандар камалган учурлар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG