Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:44

УКМК: маңзат соодасына шек саналган милиция кызматкерлери кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкекте синтетикалык маңзат соодасына шек саналган беш милиция кызматкери кармалганын билдирди. Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү ("баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү"), 343-беренесинин 2-бөлүгү ("опузалап пара талап кылуу") жана 262-беренесинин 1-бөлүгү ("кылмыш чөйрөсүн түзүү)" беренелери менен кылмыш иши козголду.

"Кармалган милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, синтетикалык маңзатты өзү колдонуу үчүн сатып алган адамдарды аныкташкан. Аларды кармаган учурду телефонго тартып алып, камай турганын айтып акча өндүрүп жүрүшкөн. Коркутуунун жана психологиялык басымдын астында милиция кызматкерлерине 20 миң сомдон беш миң долларга чейин берүүгө мажбур болушкан. Тергеп-иликтөөдө соңку эки жылда ушундай 200дөн ашык учур тууралуу маалымат алынды. Бул синтетикалык баңгизатка каршы күрөшүүдөгү чыныгы абалды жаап-жашыруунун эбегейсиз көрүнүшү болуп саналат", - деп жазылган маалыматта.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алар ички иштер органдарынын кайсы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери экени айтылган жок.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Милициянын маалыматына ылайык, былтыр 230 килограммдан ашык психотроптук заттар алынып, онго жакын баңгизат лабораториясынын иши токтотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG