Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:36

Көк-Жар тургундары жер мунапысы боюнча нааразылык билдирди


Жер мунапысынын жүрүшүнө нараазы болгондор Аламүдүн райондук администрациясынын алдына чыгышты. 18-август, 2023-жыл
Жер мунапысынын жүрүшүнө нараазы болгондор Аламүдүн райондук администрациясынын алдына чыгышты. 18-август, 2023-жыл

Чүйдүн Аламүдүн районундагы Көк-Жар конушунун 172-контурдагы жер ээлери райондук админстрациянын алдына чогулуп, жер мунапысы боюнча нааразылык билдирди. Алардын айтымында, бул контурдагы 77 гектар жер трансформацияланып, калган 58 гектар кызыл китепсиз калган. Үлүш жерлер 1995-жылдары берилген.

"Үйлөрдү мыйзамсыз салып алгандарга чечим чыгып, айрымдары кызыл китепти колуна алды. Биз болсо "басып алам" дегендери улам кубалап, бирибиз да үй салбай, маселенин мыйзамдуу чечилишин күтүп жүрдүк. Бирок азыркы тапта кызыл китеп бербей жатышат. Андан сырткары, мыйзамсыз салынып калган үйлөргө суу, электр жарыгын, жол жана башка коммуникаицяларды жеткирүү үчүн биздин жерлерди пайдаланышууда. Жер мунапысы адилетсиз жүрүүдө. Биз ортодо "анклав" катары калып калдык. Кызыл китепти берсе, баарыбызга тегиз берсин. Президенттен бул маселеге көңүл буруусун суранабыз", - деди жергиликтүү тургундардын бири Темирлан Сарлыкбек уулу.

Чогулгандардын алдына чыккан Аламүдүн районун акиминин орун басары, жер мунапысына байланыштуу комиссиянын төрагасы Өмүрбек Тайтелиев аталган жер тилкелери учурунда үлүшкө берилгенин тастыктап, бирок кызыл китеп алууга байланыштуу документтер толук түшө электигин билдирди.

"Темир Жакыпов аттуу жаранга ишеним катын берип, ал үлүш ээлеринин атынан комиссияга келип, тийиштүү корутундуларды чогултуп жүргөн экен. Бирок документтер толукталып, комиссиянын кароосуна келе элек, ошондуктан айтуу кыйын. Жер мунапысы тууралуу талаптарга ылайык, 2009-жылга чейин жерди трансформациялоо тууралуу чечими болсо, үйлөр салынып калган болсо же жер ээсинин колунда айыл чарба багытында иштетүүгө болбойт деген корутундусу болсо, мунапыс колдонулат".

Жер мунапысы башталгандан бери Аламүдүн району боюнча 11 230 арыз түшүп, 5 250 жер тилкеси боюнча тийиштүү чечим чыгып, 1600 жаран кызыл китепке ээ болгон. Андан сырткары 30 күндүк коомдук билдирүүдөн 6 631 арыз каралып, өткөн.

Кыргызстанда миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө там салынып, ондогон жаңы конуштар пайда болгон. Алардын көбүн жарандар 2005-2010-жылдары бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.

Мындан тышкары Кыргызстанда 2021-жылы 15-августта "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган(KS).

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG