Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Бишкекте навайкана менен жыгач иштеткен цех өрттөнүп кетти


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкектеги Муромская көчөсүндөгү барак тибинде салынган имараттагы навайкана менен жыгачты кайра иштеткен цех өрттөнүп кеткенин билдирди. Ага ылайык, кырсык тууралуу 18-августта таң эрте маалымат түшкөн. 600 чарчы метрдей аянтты чалган өрт саат 10.40тарда толугу менен өчүрүлдү.

"Кырсыкта жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин үч бригадасы, бир суу ташыган машина тартылды", - деп билдирди министрлик.

Апта башында Бишкекте Орозбеков көчөсүндөгү "Эски толчок" базарында курулуш материалдары сатылган үч дүкөн, пластик терезелерин чыгарган эки цех жана кийим-кече сатылган бир контейнер өрттөнүп кеткен. Өрт каптаган жалпы аянт болжол менен 800 чарчы метр болгон.

Былтыр өлкөдө 3194 өрт кырсыгы катталып, анда 30 адамдын өмүрү кыйылган. Анда материалдык чыгым үч миллиард сомдон ашкан.

XS
SM
MD
LG