Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:47

Анкара Москвадан Кара деңиздеги кырдаалды курчутпоону талап кылды


Орусиянын "Василий Быков" аскердик кемеси. Архив.
Орусиянын "Василий Быков" аскердик кемеси. Архив.

Түркиянын бийлиги Орусияны Кара деңиздеги кырдаалды курчутпоо керектигин эскертти. Бейшембиде түрк президентинин канцеляриясы тараткан маалыматта, аталган деңизде нейтралдуу суудагы кемеге байланыштуу окуя тууралуу сөз болгон.

"Кара деңиздин эл аралык сууларындагы окуяга байланыштуу орус тарапка чыңалууну жаратуучу аракеттерден алыс болуусу керектиги эскертилди", - деп жазылган Твиттерге жарыяланган маалыматта.

Орусиянын "Василий Быков" аттуу кайгуул кемеси 13-августта эртең менен Кара деңизде Палаунун желеги менен бараткан "Шукрю Окан" жүк ташуучу кемесин асманга эскертүү иретинде бир канча жолу ок атып токтоткон.

Орусиянын Коргоо министрлиги ал кеме Украинанын Измаил портун көздөй баратканын, орус кемеси аны текшерүү үчүн токтотууга аракет кылганын билдирген.

Деңиздеги кемелердин багытына байкоо салган Marine Traffic трекинг кызматынын маалыматына ылайык, жүк ташуучу кеме багытын өзгөртүп, Румынияны көздөй багыт алган. Бул кеме Грекиянын Халкида портунан чыккан.

Буга чейин орус армиясы Украинанын данын экспорттоого жол ачкан келишим иштебей калганына байланыштуу украин портторуна бараткан бардык соода кемелерин бутага алынуучу объект катары санай турганын билдирген.

АКШ Орусиянын дан келишиминен баш тартканын кескин сынга алып, орус күчтөрүнүн украин портторун блокадага алганын "аскердик агрессия" деп сыпаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG