Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:00

"Озодлик" Саида Мирзиёева жогорку кызматка дайындаларын жазды


Саида Мирзиёева.
Саида Мирзиёева.

"Азаттыктын" өзбек кызматы Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида жакын арада анын биринчи жардамчысы болуп дайындаларын жазды.

"Озодлик" өз булактарына таянып, бул президенттик аппараттын өзгөргөн, жаңыртылган түзүмүндөгү эң жогорку кызмат болорун билдирди. Мындан улам Саида Мирзиёева атасынын администрациясын жетектеп калат.

Анын жаңы, жогорку кызматка барары тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.

Мунун алдында президенттин басма сөз кызматы Мирзиёевдин администрациянын буга чейинки башчысы Сардор Умурзаков иштен кеткенин бышыктаган. Анда администрациянын башчысы деген кызмат жоюлганын, Умурзаков президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча кеңешчиси болуп дайындалганын билдирген.

"Озодлик" мындан бир ай мурда азыркы бийликтеги "тууганчылык" тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда Шавкат Мирзиёевдин тушунда анын 20дан ашык жакын тууганы өкмөттөгү жогорку кызматтарга дайындалганы аныкталган.

Мирзиёев кызы Саиданы былтыр ноябрда президенттик администрациянын Коммуникация жана маалымат саясатынын бөлүм башчысы кылып дайындаган. Соңку маалымат өзбек президентинин тун кызы анын мураскери болот деген сөздөрдү жандантты.

Президенттердин жакындарын жооптуу кызматтарга дайындоо Борбор Азияда сейрек көрүнүш эмес. 2021-жылдын аягында тажик мамлекет башчысы Эмомали Рахмон үчүнчү кызы Рухшонаны Британиядагы элчи кылып дайындаган. Уулу Рустам өлкөдөгү экинчи чоң кызматты ээлейт. Түркмөнстанда 41 жаштагы Сердар Бердымухамедов былтыр март айында өлкөнү 16 жыл башкарган атасынан бийликти өткөрүп алган.

XS
SM
MD
LG