Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:47

Орусия Москванын үстүнөн дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди


"Экспоборбордогу" павильондордун бири жабыркаган. Москва, 18-август.
"Экспоборбордогу" павильондордун бири жабыркаган. Москва, 18-август.

Орусиянын Коргоо министрлиги 18-августта таңга маал Москва шаарындагы объекттерге чабуул жасоого аракет кылган дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Мунун алдында шаар мэри Сергей Собянин дрондун сыныгы Красноречинск районуна түшкөнүн кабарлаган.

Чукул кызматтардын маалыматына караганда, анда "Экспоборбордогу" павильондордун бири жабыркаган. Жарадар болгондор тууралуу маалымат берилген жок.

Орусия мындай чабуулдарга байланыштуу Украинаны айыптап келет. Киев адатта Орусиянын ичиндеги мындай окуяларга комментарий бербейт жана жоопкерчилик албайт.

Орусиянын бийлиги буга чейин дагы Москвага дрон аркылуу чабуул жасалганын бир канча жолу билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG