Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Ооганстанда "Талибан" кыймылы саясий партияларга тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооган өкмөтүн башкарып жаткан "Талибан" кыймылы шариятка каршы келет деген негизде өлкөдөгү саясий партиялардын ишине тыюу салды. Бул тууралуу Voice of America сайты жазды. Мындай чечим тууралуу талибдер бийликке келгенине туура эки жыл болгондо кабыл алынды.

Талибдердин өкмөтүндөгү юстиция министри Абдул Хаким Исхаксай Кабулдагы басма сөз жыйынында "Ооганстанда саясий партиялардын ишмердигине шарияттын ченемдерине каршы келгендиктен жана элдин кызыкчылыгын коргобогондуктан тыюу салынганын" айтты. Ал "ооган эли мындай партияларга муктаж эмес" деп билдирди.

Талибдер бийликке келгенге чейин өлкөдө расмий катталган 70тен ашык ири жана майда саясий партия болгон. 2021-жылы августта бийлик алмашканда мындай партиялардын басымдуу бөлүгүнүн лидерлери куугунтуктан кооптонуп, өлкөдөн кеткен.

АКШ баштаган эл аралык коалициялык күчтөр Ооганстандан аскерлерин 2021-жылдын август айынын соңунда толук чыгарып кеткен. "Талибан" кыймылы ошол маалда бийликти басып алган.

Эл аралык коомчулук талибдер жетектеген өкмөттү тааный элек. Буга адам укуктары жаатындагы көйгөйлөр, анын ичинде кыз-келиндердин укуктарынын чектелиши негизги себептердин бири болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG